Коом
Ош шаарында эт азыктарын чыгарган цех ачылды
Кечээ Ош шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында «100 өнөр жай — 2024» иш-чарасына киргизилген «Келечек» ААКта эт азыктарын чыгаруучу цехтин ачылышы болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышып, жаңы заманбап ишкана эң жогорку сапаттагы эт азыктарын чыгарып, Ош шаарынын тургундарын жаңы жумуш орундары менен камсыздай турганын билдирди.
Ишкананын жетекчилиги тарабынан конокторго өндүрүштүн этаптары жөнүндө кыскача айтып берилип, даяр продукцияны чыгаруучу жабдуулар көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Ош шаары жана Ош облусун регионалдык өнүктүрүү» долбоорунун алкагында курулган ишканада 60 жумуш орундары түзүлүүдө.