Чүй облусунда абак кызматкерлери азык-түлүк уурдап кармалды
Чүй облусунда түзөтүү мекемесинин кызматкерлери азык-түлүк уурдап кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон маалымдашкандай, Юстиция министрлигинин алдындагы түзөтүү мекемелеринин биринин кызматкерлери кылмышка шектүү катары милициянын чогулткан далилдеринин негизинде кармалды.
Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө абактын финансы-чарбалык бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо кызматкерлери узак убакыт ичинде азык-түлүк уурдап, пайда табуу үчүн сатып жүрүшкөнү аныкталган.
Алар кампадан уурдаган тамак-аш азыктарын жеке үйгө сакташкан. Тергөө иштеринин учурунда 38 мүшөк ун, перловка жана күрүч алынды.
Факт боюнча Чүй облустук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
20-декабрда тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда түзөтүү мекемесинин 3 кызматкери кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Сот тарабынан алардын баш коргоо чарасы каралып, камакка алынды.