ИИМ: Кант шаарында психотроптук заттарды жеткирүүгө жана сатууга аракеттенген эки кыз кармалды
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек ш. Свердлов ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте узакка созулган ийгиликтүү атайын операциянын натыйжасында психотроптук заттардын ири партияларын өлкөнүн аймагына жеткирүү жана сатуу каналы жабылды.
2024-жылдын 24-октябрында Кант шаарында ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө «Хонда Фит» унаасы менен жүргүнчү катары кетип бараткан учурда 2002-жылы туулган У.А.У. жана 1999-жылы туулган Э. Н. А. аттуу эки шектүү кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Унааны тинтүүдө, жүргүнчүлөрдүн арткы отургучунда шире кутусу табылган, анын ичинде ак түстөгү порошок кристаллдуу эки брикет болгон.
Бул маалымат КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматында катталган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар өзгөчө ири өлчөмдөгү «мефедрон» психотроптук зат болуп саналат.
Мындан тышкары, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизатын таразага тартуу жана таңып салуу үчүн каражат алынган. Бул айыпталуучулардын психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу ниетин далилдигин билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш ниетин ишке ашырууда мыйзамсыз киреше 6 миллион 500 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн болмок. Ыкчам аракеттердин натыйжасында «мефедрон» психотроптук затынын өлкө аймагында бир жолку 6 миңден ашык дозасынын таралышынын алдын алынган.
Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында кошумча тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин БМЖККК өлкө аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана аларды таратуу менен алектенген кылмыштуу топторду зыянсыздандыруу боюнча активдүү иштерди улантууда.