Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши көп аял алууга уруксат берген фатваны артка кайтарып алды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Москвадагы мемориалдык мечиттин имамы Шамиль Аляутдинов Телеграм-каналына жазды.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Башкы прокуратуранын чакырыгы жана коомчулуктун реакциясынан улам кабыл алынган.
«Буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы фатва салттуу орус руханий-адептик баалуулуктарын сактоо жана чыңдоодо мамлекеттик үй-бүлөлүк саясаттын мыйзамдарына жана принциптерине каршы келерин билдирген», — деп жазды Шамиль Аляутдинов.