КоомКылмыш-кырсык
Үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттун өкүмү чыкты
Бир жыл мурун тиш дарылатууга келип чарчап калган үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун өкүмүндө айтылган.
Эске салсак, каргаша КММАнын медициналык борборунда жайгашкан «Дентомакс» жеке стоматологиялык клиникасында болгон. Дарыгерлер бөбөккө севоран газын жыттатып туруп, курт жеген тишин тазаламай болушкан. Тилекке каршы, ал жакка 11:40та кирген кыз кечки 18:30да чарчап калып, дарыгерлер кыздын жүрөгү токтоп калганын билдирген.
Октябрь райондук соту чыгарган өкүм:
стоматолог — 5 жыл 6 айга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты ээлөө укугунан ажыратылды;
анестезиолог — 6 жылга кесилип, 2 жылга медициналык кызматты ээлөө укугунан ажыратылды;
стоматологдун жолдошу — 5 жылга соттолду;
Медакадемиянын медициналык борборунун ошол маалдагы директору — 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 3 жыл пробация менен бошотулду;
«Дентомакс» клиникасынын директору акталды.
Ошондой эле сот айыпталгандарды жабырлануучу тараптын пайдасына моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1,5 миллион сом төлөттү.