Эми ипотекалык үйлөр электрондук тизме менен гана берилет — Каныбек Туманбаев
Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде 510 ипотекалык батирлер ээлерине тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирүү жасады.
Билдирүүнүн тексти өзгөртүүсүз берилет:
Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө батир берип бүттү, эми мындан ары электрондук тизме менен гана берилет. Туура түшүнүңүздөр, мурда “Социалдык ипотека” деген түшүнүк жок болгон. Анын ордуна министрлер кабинетинин чечими менен айрым социалдык категориядагы жарандарыбызга артыкчылык берилген. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу үй-бүлөлөр жана жалгыз бой энелер. Биз аларды аттап өтө албайбыз. Төмөндө канча батир бүткөнү жана кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалымат.
Ал эми азыркы берилген үй боюнча:
Бүгүнкү күнгө карата, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдө 510 батирдин курулушу аяктап, үй-бүлөлөр үчүн 1 бөлмөлүү 306, 3 бөлмөлүү 204 батир даяр болду. Курулуштун жалпы аянты 37 292 м², ал эми сметалык баасы 2 млрд сомдон ашык. Бул – мамлекеттин жана коомдун туруктуу өнүгүшүнө болгон чоң салым.
Батирлер төмөнкү категориялар боюнча берилет:
— МИКте турак-жай алуу үчүн кезекте турган жарандар;
— Алдын ала 50 пайыз баштапкы төлөм менен үлүштүк ипотекалык негизде, анын ичинде мигранттар;
— Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер (бул категорияга бөлүштүрүү аяктады).
Мамлекеттик кызматкер болгондо алар кимдер? Жаза аткаруу кызматынын жөнөкөй кызматкерлери жана мамлекет үчүн иштеп жаткан үйү жок адамдар. Аларга да жөн берилбейт, талаптары бар, үйү жокторго гана берилди.
“Мурас” турак комплекси жөнүндө:
Маликов көчөсүндөгү жаңы комплекс – бул өтө масштабдуу долбоор, ал бүтүндөй шаар үчүн маанилүү. Жалпы 4 754 батир, 39 блок (18 жана 24 кабаттуу үйлөр) салынат. Үйдүн жалпы аянты 278 278,60 м². Бул долбоор келечек үчүн маанилүү, жарандарга жакшы шарттарды түзүп, коомдун жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Жаңы комплекстин курулушу бардык коммуналдык кызматтар менен камсыздалган:
- Өздүк жылуулук борбору;
- Газ – борборлоштурулган;
- Суу жана канализация – борборлоштурулган;
- Электр энергиясы – борборлоштурулган, өзүнүн трансформатордук станциясы бар.
Бардык блоктордун курулушунун аякташы 2026-жылдын 4-кварталына пландаштырылган. Бул долбоор бир нече жылдык пландоонун жана ишке ашыруунун жыйынтыгында пайда болгон, ал өзүнүн масштабдуулугу жана коомго болгон пайдалуулугу менен өзгөчөлөнөт.
Быйылкы жылдын 24-декабрына карата жалпы 1059 батир толук даяр болуп, акырындык менен кезекте тургандарга тапшырып жатабыз.
Даяр болгон батирлер төмөнкү багыттарга бөлүнөт:
• Жеңилдетилген турак жай — 96 батир.
• Социалдык турак жай — 15 батир.
• Жеткиликтүү турак жай — 35 батир.
Белгилей кетсем, бул кезектүүлүктүн санына жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлдү.
Ошондой эле:
- Үлүштүк курулуш — 519 батир
- Биринчи кезектеги социалдык категориядагы жарандар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн 394 батир, жаза аткаруу кызматкерлеринин саны да бул тизмеге кошулган.
Дагы бир жолу айтсак, мындан ары батирлер электрондук тизме менен гана берилет.
Скрябин жана Маликов көчөсүндөгү дарегинде 1059 батирлер курулган. Анын ичинен 519 батир үлүштүк ипотека менен берилди. Жалпы 1059 батирдин 49% үлүштүк ипотека түзөт.
Үлүштүк ипотека биринчи кезекте мигранттарды колдоого багытталган. Биздин мигранттар чет өлкөлөрдө иштеп, ири суммадагы каражаттарды туруктуу түрдө Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Албетте, алар дагы өз үйүнө ээ болууну каалашат жана мамлекет да алар үчүн шарттарды түзүп берүү керек. Бул категория өтө маанилүү, анткени мигранттар өлкөгө экономикалык чоң салым кошууда.
Бирок, бул категорияда да бардык жарандарга берилбейт. Үлүштүк ипотека акыркы үч жылда анын атына катталбаган же такыр үйү жок адамдарга гана берилет. Башкача айтканда, эгер жарандын үйү болсо же анын атына үй катталса, анда автоматтык түрдө ипотека албайт. Муну бардыгы жакшы түшүнөт.
Экинчиден, мигранттар 50 пайызын төлөп, ошол акчалар менен биз дагы бир чоң турак жай комплекси куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Аны, Маликов көчөсүндөгү турак жайды жазында муктаж болгондорго тапшырабыз.
2025-жылдын биринчи кварталында Маликов көчөсүнөн 476 батир, ал эми Айтматов көчөсүнөн 612 батир үй ээлерине тапшырылат».