КоомСаясат

Садыр Жапаров иш сапар менен Санкт-Петербург шаарына барды

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Санкт-Петербург шаарына барганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчыны шаар губернаторунун орун басары Олег Эргашев жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Жапаров КМШга мүчө мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышарын билдирди.
«ЖЕЭК жыйынында ЕАЭБдин жылдык ишинин жыйынтыктары чыгарылып, Биримдиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда. Анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууга кол коюлат. КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунда 2024-жылдагы кызматташуу жыйынтыктары чыгарылып, эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот», — деди Азымбакиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button