Коом

Камчыбек Ташиев келерки жылы Баткенде миңден ашык батирдин курулушун бүтүрүүнү тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу “Регион” телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, облуста жалпысынан 37 квартал турак жай курулуп жатат. Анда 2364 батир болот.

Камчыбек Ташиев келе жаткан жылдын күз айларына чейин 1,2 миң батирдин курулушун бүтүрүп, тургундарга берүүнү тапшырды.

Кыргызстанда социалдык турак жай алуу кезегинде 40 миңден ашуун жаран бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button