КоомКылмыш-кырсык

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Казакстанда кулаган учак боюнча расмий билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Казакстанда кулаган учак боюнча расмий билдирүү таратты. 

2024-жылдын 25-декабрында саат 11:30 чамасында Мангистау облусунда, Актау эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураганын маалымдайбыз. Учак AHY8243 каттамы менен «Баку-Грозный» багыты боюнча учуп бара жаткан.

Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Саат 11:10до учак канаттуулар менен кагылышып, башкарууда көйгөйлөр жаралгандыктан, авариялык абал жарыяланган.

Саат 11:30да учак жерге кулап, өрт чыккан. Өрт саат 12:05те толугу менен өчүрүлдү. Учурда 15 адам ооруканада, анын ичинен 5и реанимацияда. Дагы 6 адам ооруканага жеткирилүүдө. Жалпысынан 28 адам жабыркаганы такталды.

Учактагы жүргүнчүлөрдүн жарандыгы:

37 — Азербайжан жараны,

16 — Россия жараны,

6 — Казакстан жараны,

3 — Кыргыз жараны.

Мен Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Сайранович жана Азербайжан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Камаледин Фаттахович менен тыгыз байланыштамын. Биздин куткаруучулар кырсыкка байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн толук даярдыкта турушат. Зарылчылык жаралса, кошумча күчтөрдү жана ресурстарды жөнөтүүгө даярбыз.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү органдар менен биргеликте кырсыктын бардык жагдайларын тактап, жарандарыбызга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди улантууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн ишеним телефондору:
📞 8 7292 31-90-99, 112 (Казакстан).

Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалайбыз. Кошумча маалымат берилет.

Толуктоо:
Саат 15:22ге карата 2 кыргызстандык жаран тирүү чыкты. Учурда ооруканада.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button