Коом
Казакстанда кулаган учакта 3 кыргызстандык тең аман экендиги кабарланды
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасап, Казакстандын аймагында кулаган учактын ичиндеги 3 кыргызстандык тең аман-эсен экенин билдирди.
«Урматтуу мекендештер!
Актау шаарында болгон учак кырсыгынан жабыркаган үч жараныбыздын абалы боюнча акыркы маалыматтарды бөлүшөм. Бардык мекендештерибиз тирүү.
– Бир жараныбыз реанимацияда, абалы туруктуу.
– Эки жараныбыздын абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Биз Казакстан жана Азербайжандын тиешелүү органдары менен тыгыз байланыштабыз. Жарандарыбызга толук жардам көрсөтүлүп жатат.
📞 Кошумча маалымат үчүн: 8 7292 31-90-99, 112 (Казакстан).
Мекендештерибизге тез сакайып кетүүсүн каалайбыз» — деди ӨКМ министри Ажикеев.