Коом

Бишкекте абанын сапатын аныктаган приборлор текшерилет

Бишкекте абанын сапаты боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында абанын булганышын көзөмөлдөө үчүн колдонулуучу сенсорлорду стандартташтыруу жана техникалык текшерүү маселеси каралды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коопсуздук министрлигинен кабарлашты.

Абанын булганышын өлчөө үчүн орнотулган көптөгөн прибор керектүү техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербей турганы айтылды. Бул ишенимсиз маалыматтарды алуу коркунучуна жана анын натыйжасында экологиялык абалды жакшыртууга кедергисин тийгизе турганы маалымдалды.

Комиссиянын отурумунда негизги көйгөйлөр катары абаны текшерген приборлордун стандарынын жоктугу, IQAir сайтында катталган бардык сенсорлордун мыйзам талаптарына шайкештигин текшерүү, Жаратылыш ресурстары министрлигине сенсорлордун улуттук стандарттарын иштеп чыгуу жана милдеттүү түрдө сертификациялоо системасын киргизүү тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button