Коом
Илон Маск Жер планетасы жараксыз болуп калчу мезгилди боолголоду
Америкалык ишкер Илон Маск Күндүн азыркы кеңейүү ылдамдыгынан улам 500 миллион жыл ичинде Жер жашоого жараксыз болуп калат деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Күн беш миллиард жылдан кийин жарыларын «эске салып», Марс адамзаттын аман калышына эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп калышы ыктымал экенин белгилеген.
«Күндүн кеңейиши азыркы убакыттын 10 пайызынан (500 миллион жыл – ред.) кийин Жерди жашоого жараксыз кылып коюшу мүмкүн», — деген Маск.
Сентябрь айында Маск адамзат жылдыздар аралык каттамдарды өздөштүрүшү керектигин, антпесе келечекте Күндүн кеңейишинен же Жердин астероид менен кагылышынан улам планета жок болуп кетиши мүмкүн экенин айткан.