Коом

Лейлекте чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты суусуна “Белес” чакан ГЭСи курулду. “Белес-Суу” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган ГЭСтин кубаттуулугу 0,54 МВт.

ГЭСке суу жеткирүү үчүн узундугу 2250м болгон канал курулган. Объект саатына 0.54 МВт электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Өндүрүлгөн электр энергиясын калкка жеткирүү үчүн жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы тартылып, Лейлек райондук электр тармагынын “Белес” фидерине кошулган.
ГЭСтин курулушуна 1,3млн АКШ доллары инвестиция болгон. 20 жумуш оруну түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button