Коом

Учакта жабыркаган 2 кыргызстандык ооруканадан чыгарылды

Казакстанда кулаган учактан жабыркаган эки кыргызстандык Улуттук госпиталдан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, үчүнчү бейтап дарыланууда. Абалы туруктуу.
Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан «Азербайжан аба жолдорунун» Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргыздактык жарандар болгон. Үчөө тең ооруканага жеткирилип, 20 жаштагы жигиттин абалы оор деп бааланып жаткан. 30-декабрда үчөө тең Кыргызстанга алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button