Бишкекте «Альфа-ПВП» ири партиясы менен кошо камактагы адам кармалды
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин БМЖКККна азиат улутундагы 30-35 жаштагы жаран Бишкек шаарынын аймагында баңги каражаттарды салуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалыматты текшерүү үчүн БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу менен алектенген жарандын инсандыгын аныкташкан.
Ал 34 жаштагы 1990-жылы туулган Д.М.Д. аттуу жаран болгондугу аныкталган, ал өз ыктыяры менен кара скотчка оролгон обочолонгон баштыкчаларды берип, баңгизаттарды каткан жерлерин көрсөткөн.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар психотроптук зат — Альфа-ПВП экени аныкталган.
Алынган маалыматтарды эске алуу менен, 2024-жылдын 24-декабрында Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалган Д.М.Д. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралар улантылууда.
ИИМ БМЖККК интернет-мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу “баңгизат катып” акча тапкандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 14 жашка толгон адам баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштары үчүн толук жазык жоопкерчилигин тартылат. Жаза мөөнөтү мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратууну түзөт.