Коом
Сүлүктүдө дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды
ӨКМ буга чейин Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан кишини издөө иштери жүрүп жатканын билдиришкен.
ӨКМге 1980-жылы туулган эркек киши 19-декабрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө жүрүп келген.
Бүгүн, 9-январда Баткен ОИИБ изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылганын билдиришти. “Жансыз дене 3-январда табылды. Тоодо 150 метр тереңдиктеги жарга кирип кетип, кар басып калган. Дрондон да ошол үчүн көрүнгөн эмес. Кар эригенде чапаны чыгып калган”, — дешти.