Коом
10-январга карата аба ырайы
Бүгүн 10-январь, республикада күн ачык болот. Айрым жерлерге эрте менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус жылуу болсо, Нарында -2…-7 градус суук болот.
Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +5…+7 градус жылуу болору белгиленди.