Ялкун Даутов: Коррупция менен күрөшүү чындыкты тандоо
2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК тарабынан демилгеленген “Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү КРдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Жыйында аталган башкармалыктын жетекчиси Камчыбек Ташиев коррупция жана камоолор боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. УКМКнын төрагасы акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөштө чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгилеп, тилекке каршы, укук коргоо органдары, анын ичинде өзү жетектеген башкармалыктын бардык күч-аракеттерине карабастан, коррупциялык иштердин деңгээли түшпөй жатканын баса белгиледи. Ошондон улам мыйзамдарга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын түшүндүрдү.
Камчыбек Ташиев бети ачылган коррупционерлердин 80%ы айып пул менен кутулуп, таза эмес иштеген мамлекеттик атка минерлердин 13%га жакыны гана абак жазасына кесилгени тууралуу статистикалык маалыматтарды билдирди.
Жогорку Кеңештин декабрь айындагы жыйынында депутаттардын кароосуна УКМКнын төрагасы тарабынан айтылган жана сунушталган өзгөртүүлөрдүн маңызы төмөнкүдөй учурларды камтыйт:
- Бир катар беренелер боюнча айып пулдарды алып салуу, башкача айтканда, коррупциялык иш-аракеттерге күнөөлүүлөр эркинен ажыратуу менен байланышкан реалдуу жазаны тартышы керек;
- Зыяндын ордун толтурууну эске алуу менен коррупцияга күнөөлүү адамдар КР Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренесинде каралган мөөнөттүн жарымынан кем эмес мөөнөтүн өтөшү керек;
- Коррупция боюнча соттолгондорго мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу;
- Коррупция боюнча соттолгондордун жакын туугандары мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштебеши керек, эгерде алар ага чейин мындай кызматтарды ээлеп турса, кызматынан бошотулууга тийиш.
Ал эми ЖКнын депутаттары «Кызмат адамы ага чейин атайын декларация толтуруп койсо (кирешелерин мыйзамдаштыруунун алкагында), бирок кийин анын мурда коррупциялык кылмыш жасагандыгы аныкталса, эмне кылуу керек?» деген суроосуна УКМК төрагасы К.Ташиев сунушталган мыйзам долбоору парламентте кабыл алына электигине байланыштуу, бул багытта дагы тийиштүү тактоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Андан соң К.Ташиев КР Кылмыш-жаза кодекси боюнча 2025-жылдын 1-январынан тарта айып пул салынбай турган төмөнкүдөй беренелерин санап өттү (күнөөлүүлөр реалдуу жаза тартышат): 336- коррупция, 337-кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, 338-бийликтен аша чабуу, 339-атайылап пайдасыз келишим түзүү, 340-мыйзамсыз баюу, 341-кызмат адамынын ишкердикке катышуусу, 342-пара алуу, 343-пара талап кылуу, 344-пара алууда ортомчулук, 345-пара берүү, 346-кызматтык жасалма документ, 347-паспортту мыйзамсыз берүү, 348-шалаакылык.
Төмөнкү маанилүү жагдайларды белгилей кетүү керек. Биринчиден, УКМК башчысынын Жогорку Кеңештин декабрдагы жыйынында берген сунуштары 2025-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырыла башташы керек. Экинчиден, мурда кабыл алынган мыйзамдык чаралар укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүдө оң натыйжаларды бергенин эске салып, азыркы мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да жалпы мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшкө өбөлгө түзөт.
Ошону менен бирге К.Ташиев коррупция мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында гана эмес, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактарда түп-тамырынан бери жок кылынышы керек экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу эми бири-бирибизди жаап-жашыруу адатынан арылып, кабыл алынган мыйзамдарды катаал болсо да, адилеттүү карманышыбыз керектигин айтты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында коррупциялык кылмыштар үчүн жаза катаалданууда. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:
— КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренеси 21-бөлүк менен толукталсын, ага ылайык КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-343-беренелеринде, 344-берененин 2,3,4-бөлүктөрүндө, 345-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштарды жасаган адамдар белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө өмүр бою тыюу салынсын;
— КР Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-346-беренелеринде каралган коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды белгилөөчү талаптар алып салынды;
— КР Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренеси 11-бөлүк менен толукталсын, анда адам өз күнөөсүн моюнга алып, 336-348-берене боюнча келтирилген чыгымды толугу менен калыбына келтирген шартта сот беренеде каралган жазанын жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына да өзгөртүүлөр киргизилет. Тактап айтканда, бир катар мыйзам актыларына жоболор киргизилет, анда төмөнкүдөй болот:
— Соттолгондугу жоюлганына карабастан, ошондой эле коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөлүү адамдарга карата жазык иштери реабилитациялык эмес негизде токтотулган учурларда да коррупциялык кылмыштар үчүн соттолгон адамдарды мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарына кабыл алуудан баш тартуу;
— Коррупциялык кылмыштарды жасоого күнөөлүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу.
Белгилүү болгондой, мамлекет башчы Садыр Жапаров бийликке келген алгачкы күндөн тартып эле коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшкө багыт алган.
Жаңы жылдын башында, 1-январь күнү К.Ташиев өзүнүн иш бөлмөсүндө кайрылуу жасап, президент Садыр Жапаров 2025-2026-жылдары Кыргызстанда коррупцияны толугу менен жок кылуу боюнча так милдет койгонун эскертти.
УКМКнын төрагасы өз кайрылуусунда жаңы киргизилген мыйзамдарды бардык салык төлөөчүлөр, биринчи кезекте мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ өкүлдөр кабардар болушу керектигин айтты. 2025-2026-жылдардагы негизги милдет катары коррупцияны жоюу тууралуу айтып жатып, УКМКнын төрагасы коррупцияны жеңүүгө болбойт деп эсептебеш керектигин баса белгиледи. Албетте аны жеңүү кыйын экенин моюнга алып, бул боюнча алдыга максат коюлганын жана ал сөзсүз аткарыла турганын баса белгиледи.
Буга мисал катары К.Ташиев бир-эки жыл мурда президенттик команда уюшкан кылмыштуу топторго каршы согуш жарыялаганда аны көпчүлүк кезектеги пиар деп эсептеп, ишенбей койгонун мисал келтирди. УКМКнын төрагасы бир убакта уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгү бийликке кирип кеткенин моюнга алып, учурда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин, райондорду, облустарды башкарып өздөрүн бийлик бутагы катары көрсөткөн ар кандай «мыйзамдагы уурулар», «көзөмөлчүлөр» болгон заман өткөнүн ишенимдүү билдирди.
Ошондуктан, К.Ташиев белгилегендей, азыр мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ишкерлер, бардык жеке адамдар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн криминалдык элементтерден коркпой жүргүзө алышат. Эч кимге акча төлөөнүн, кимдир-бирөөлөргө чуркап, «жардам» суроонун кереги жок, азыр мыйзам чегинде жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик органдарга гана кайрылуу зарыл.
Андан соң Камчыбек Ташиев коррупцияны жоюу биринчи планга чыгып жатканын жана мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турганы бекеринен эмес экенин дагы бир жолу баса белгиледи. К.Ташиев мындан ары коррупционерлер камалып, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, жакын туугандары ээлеген кызматынан четтетилерин дагы бир ирет эске салды.
УКМК башчысы укук коргоо органдары, мамлекеттик коопсуздук органдары, прокуратура жана сот күнөөсүз адамдарды соттогонго укугу жок деген дагы бир орчундуу пикирин айтты. «Бейкүнөө адамдарды жапа чектирген жыйынтыктардын бизге кереги жок. Күмөндүү жыйынтык үчүн кимдир бирөөнү куугунтуктоо, “атайын уюштуруу” деген түшүнүктөр болбошу керек (Бул тууралуу 3-курултайда президент С.Жапаров да айткан). Күнөөсүз адамдарды куугунтуктагандар өздөрү жазаланат. Биздин жаныбызда пикирлештерибиз гана болушу керек. Биздин милдет – адам укуктарын коргоо”, — деди ал.
Ташиев кайрылуусунун аягында мамлекеттик кызматкерлерге УКМК коррупцияга каршы күрөштү күчөтөрүн дагы бир жолу эскертип, бир дагы коррупциялашкан өлкө туура багытта өнүгө албастыган айтты.
Ошентип, мыйзам актыларындагы негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөр болуп саналат:
— Коррупция менен кармалгандар реалдуу жаза алышат;
— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан өмүр бою ажыратылат;
— Коррупция боюнча соттолгондордун жакын туугандары мамлекеттик кызматтардан четтетилет.
Жогорудагы мыйзам чаралары коррупциянын деңгээлин гана эмес, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Коррупционерлерге карата мыйзамдарды катаалдаштырууну эксперттер дагы, калктын көпчүлүк бөлүгү дагы колдогону маанилүү. Көптөгөн абийирсиз мамлекеттик кызматкерлер ачыкка чыкса, коррупционерлердин мамлекетке келтирген зыянына тең келбеген айып пулдардан кутулууну күтүшөрү жашыруун эмес.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттер боюнча комитети УКМК тарабынан демилгеленген коррупция жана башка кылмыштар үчүн айып пулдарды алып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулоосуз жактырды.
Кайсы гана мамлекетте болбосун коррупцияга каршы күрөш эмне үчүн керек деген суроо туулат. Коррупция – бул терс көрүнүш, ал башка нерселер менен катар төмөнкүдөй оор кесепеттерге алып келет:
— жарандардын тең укуктуулук принцибинин бузулушу;
— мамлекеттик кызматчылардын ишинде мотивациянын жоктугу;
— жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жоголушу.
Коррупциянын негизги стимулу бийликти пайдалануу менен байланышкан экономикалык пайда табуу мүмкүндүгү болуп саналат, ал эми негизги бөгөт коюучу фактор болуп анын бетин ачуу жана жазалоо коркунучу саналат.
Адамдардын коррупция жөнүндө кабарлабаганынын үч негизги себеби:
-кесепеттеринен коркуу (укуктук, финансылык, репутациялык);
— эч нерсе болойт деген ишеним;
— кантип, кайда жана кимге билдирүүнүн белгисиздиги.
Дүйнөдө коррупцияга каршы иш кандай жүрүп жатат? Эл аралык “ БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясы” бар.
Россия Федерациясында — «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» федералдык мыйзам иштейт, ага ылайык төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
-укуктук актылардын коррупцияга каршы экспертизасы бар;
-мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөлүк банктарда эсеп ачууга жана акча каражаттарын сактоого тыюу салынат;
— мамлекеттик кызматкерлер кирешелери жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү;
-пара берүү жана алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар.
Японияда коррупцияга каршы күрөштүн негизги багыттарынын бири кадр саясаты болуп саналат. Кадр саясатын адилет жүргүзүү Кадр иштери боюнча кеңешке жүктөлөт, ал министрлер кабинетинин алдында жооптуу, бирок парламенттин эки палатасынын макулдугу менен өкмөт башчысы тарабынан түзүлөт.
Японияда коррупциялык кылмыштар үчүн 10 000 иенден кем эмес айып пулдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жазаларды белгилеген.
Беларуста коррупцияга каршы эл аралык конвенциялар иштейт. Коопсуздук кеңешине караштуу Кылмыштуулукка, коррупцияга жана баңгичиликке каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын, мамлекеттик ММКлар, “кайтарым байланыш телефондору”, бирдиктүү маалымат күндөрүн өткөрүү, маалыматтык-үгүттөө топторунун ишмердүүлүгү чоң салым кошот.
Улуу Британияда пара берүү боюнча иштер Оор алдамчылык бюросу тарабынан соттолот. Башкармалыктын жетекчисин Башкы прокурор дайындайт. Башкармалык коррупциялык иштерди аныктоо жана иликтөө үчүн жооптуу мамлекеттик бийлик бутагы болуп саналат. Мындан тышкары, Башармалык паракорлукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча коммерциялык уюмдар менен активдүү кызматташат.
Жыйынтыктап айтканда, кандай гана өлкө болбосун, коррупцияга каршы күрөш мыйзамдуулуктун, адилеттиктин, мыйзам алдында теңдиктин, ачык-айкындуулуктун, жоопкерчиликтин сөзсүз болушунун принциптерине негизделиши керек.
Ялкун Даутов КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү