Коом

УКМК: Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын жетекчилери менен кеңешме өттү

2025-жылдын 11-январында КР УКМК тарабынан бардык мамлекеттик кызмат башчыларынын, укук коргоо органдарынын жана муниципалитеттин жетекчилери менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпысынан 400 адам катышты.

Жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 31-декабрында бекитилген) жөнүндө маалымат берилди.
Ошондой эле, КР УКМКнын өкүлдөрү тарабынан катышуучуларга статистикалык маалыматтар жана коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча 2020-2024-жылдар аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө катуу эскертүү берилди. Коррупция фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында соттолгон адам жана анын жакын туугандары белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салууга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Муну менен катар күнөөлүү адамдар жаңы мыйзамга ылайык мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркинен ажыратылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button