Кыргызстандын мыкты футболчусу Жоэл Кожо Ирандын «Эстегляль» клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган команда Ирандын жогорку дивизионунда 8-орунда турат.
«Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу 11 номерди тандап, 2+1 форматы менен келишим түзгөн. Башкача айтканда, эки жылдан кийин келишим дагы бир жылга узартылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кожо Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда 24 оюн өткөрүп, сегиз гол киргизген.
Жылдын жыйынтыгы менен Football Awards иш чарасында Жоэль Кожо Кыргызстандын мыкты футболчусу деп табылган.