Коом
13-январга карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9 ,Талас облусунда +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көлдө өрөөнүндө -1…+4 градуска чейин жылуу болсо, Нарын жергесинде -5…-10 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +9…+11 градуска чейин көтөрүлөт.