Коом
Актауда авиакырсыктан жабыркаган үчүнчү кыргызстандык ооруканадан чыкты
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оор жаракат алган Ринат Асанов Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Азыр анын абалы туруктуу экени айтылды. Буга чейин 8-январда учак кырсыгынан жабыркаган эки мекендеш ооруканадан үйүнө чыгарылган.
Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан «Азербайжан аба жолдорунун» Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 кишинин үчөө кыргызстандык эле. Алар ооруканага жеткирилип, 20 жаштагы жигиттин абалы оор деп бааланып жаткан. 30-декабрда үчөө тең Кыргызстанга алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган.