Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү. Эми ал — Нурланбек Тургунбек уулу. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм. Албетте, Шакы чоң атабыздын аты өчпөйт. Чоң атам катары ысымы урпактан урпакка айтылып, бир туугандарым Шакиев бойдон кала берет.
Ал эми Тургунбек атам жөнүндө айта кетсем, өзү өмүр бою жол тармагында эмгектенген карапайым адам эле. Үй түйшүгүн апама ишенип калтырып, өзү эл үчүн кызмат кылып жүрүп өттү. Андыктан өз мээнети менен жети баласын өстүрүп, эмгеги менен элге таанылган атамдын уулу болуш мен үчүн сыймык. Ошол эле учурда атамдын эле уулу эмесмин, мен кыргыздын уулумун. Бардык кыргыздын жүрөгүндө ушундай сезим жашашы керек»,- деп жазды ал.