КоомКылмыш-кырсык

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунан түштүк-чыгышка карай 20 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 140 чакырым аралыкта жайгашып, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button