Камчыбек Ташиев 6 балалуу энеге 3 бөлмөлүү батир тапшырды
Бүгүн, 15-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды.
23-декабрда Нуржанова жардам сурап кайрылган. Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.
Ал 1991-жылы 5-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн. Туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган.
Жолдошу 1990-жылы 13-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт.
Алар 6 баласы менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн айылындагы ижарага алынган үйдө жашайт. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.