Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жалпы жааматы Чыңгыз Айтматов тууралуу айтылган сөздөр тууралуу билдирүү таратты.
«Чыңгыз Айтматовдун атына шек келтирген жана чындыкка туура келбеген сөздөрдү негизсиз деп эсептейт. Кыргыздын нукура адабиятын жана улуттук нарк-насилин тепсөөгө жол бербөөгө чакырат.
Коомчулуктун пикирин эске алуу менен Сыймык Жапыкеевге тиешелүү тараптар мыйзам чегинде укуктук баа берүүнү максаттуу деп эсептейбиз», — деп жазылат Жазуучулар союзунун билдирүүсүндө.
Буга чейин журналист Эрнис Кыязовдун подкаст аянтчасында маек курган Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев Айтматовдун чыгармачылыгына карата сын пикирин айтып, бул коомчулукта талкууларды жараткан.
Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында да көтөрүлгөн.

