Маалыматка караганда, карагаша райондук милициянын жанында болгон. Маркум аялдын жашы жете элек кош бойлуу улуу кызынан башка да 15 жана 6 жаштагы эки кызы, 14 жаштагы уулу бар.
“Эне ажырашып, балдарын жалгыз тарбиялап келген. 2018-жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлө катары жөлөк пул алып турган. Өткөн жылы кайрымдуулук фонддору үй салып берген. Учурда балдар таежесинин колунда. Кош бойлуу кыз да жакындарынын жанында. Анын көрсөтмөсү менен милиция тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

