2026-жылдын 28-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата «Эгемендик — ыйык мурас, Уңгужол — келечекке багыт» аттуу «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында окурмандар жана коноктор үчүн белгилүү инсандар, юристтер жана психологдор менен жолугушуулар, мастер-класстар, жасалга-колдонмо өнөр көргөзмөлөрү, адабий сынактар, суроо-жооп программалары, шахмат оюндары, видеокөрсөтүүлөр, концерттик номерлер, кино көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин өкүлдөрү,Кыргыз Республикасындагы Россиянын гуманитардык кызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, кыргыз шахмат союзунун өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана китеп сүйүүчүлөр катышты.
Маданий кечеге шаар тургундары, жаштар жана борбор калаанын коноктору активдүү катышып, өзгөчө чыгармачылык атмосферага күбө болушту.

Иш-чара саат 18:00дө башталып, түнкү 24:00гө чейин уланды.

