Экономика

Депозитке акча салган аманатчылар кооптонбой эле койсо болот. Төлөмдөр келишимдин негизинде төлөнүп берилет

Өлкөнүн башкы финансылык мекемеси банктарга депозитке акча каражатын салган аманатчыларды кабатыр болбоого чакырды.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, бүгүнкү күндө банк системасы туруктуу жана стабилдүү тартипте иштеп жатат. Бардык каражаттар пайыздары менен кошо аманат боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык төлөнүп берилет.

Ал эми насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча коммерциялык банктар карыз алуучулардын ар бир кайрылуусун индивидуалдык тартипте карайт жана төлөмдөрдү жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button