Экономика

Республикалык бюджетке 38 млрд. сомго көп киреше түштү

 Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 160,2 миллиард сомду түзүп, коюлган пландан 12,3 миллиард сомго көп түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бюджеттик киреше 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 38,2 миллиард сомго көбөйгөн.

Каражат каяктан чогулду:

-Салыктык киреше — 69,5 миллиард сом;

-Бажы төлөмдөрү — 48,8 миллиард сом;

-Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эске алуу менен) — 35,3 миллиард сом;

-Расмий трансферттер — 6,5 миллиард сом.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Айлык 38 миң сомго чейин. «Тазалык» жумушчуларды издейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы жашылдандыруу жана жолдорду эксплуатациялоо бөлүмунө жумушчуларды издейт.

Мэриядан билдиришкендей, каалоочулар 0550 111 445 телефону аркылуу байланышса болот.

Айлыгы – 35 миң – 38 миң сом.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Айыл чарбасына 3,8 млрд сом насыя берилди

Айыл чарба министрлиги 24-июнга карата «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун алкагында жалпы 3,8 млрд сомго 7,4 миң насыя берилгенин кабарлады.

«Өсүмдүк өстүрүү» категориясы боюнча жалпы 1 млрд 82 млн 959 миң сомго 2 миң 673 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– «Айыл Банк» ААК 507 млн 744 миң сомго 1 103 насыя;

– «РСК Банк» ААК 448 млн 650 миң сомго 1 144 насыя;

– «КИКБ» ЖАК 76 млн 585 миң сомго 207 насыя;

– «Капитал Банк» ААК 13 млн 180 миң сомго 65 насыя;

– «КБ Кыргызстан» ААК 36 млн 800 миң сомго 154 насыя.

«Мал чарбачылык» категориясы боюнча жалпы 2 млрд 238 млн 147 миң сомго 4 миң 543 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– «Айыл Банк» ААК 1 млрд 94 млн 327 миң сомго 1 миң 898 насыя;

– «РСК Банк» ААК 898 млн 750 миң сомго 1 миң 954 насыя;

– «КИКБ» ЖАК 148 млн 235 миң сомго 294 насыя;

– «Кыргызкоммерцбанк» ААК 14 млн сомго 4 насыя;

– «Капитал Банк» ААК 33 млн 205 миң сомго 180 насыя;

– «КБ Кыргызстан» ААК 49 млн 630 миң сомго 213 насыя.

«Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» категориясы боюнча жалпы 575 млн 550 миң сомго 201 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– «Айыл Банк» ААК 289 млн 165 миң сомго 106 насыя;

– «РСК Банк» ААК 182 млн 140 миң сомго 66 насыя;

– «КИКБ» ЖАК 61 млн 500 миң сомго 14 насыя;

– «Капитал Банк» ААК 7 млн сомго 5 насыя;

– «КБ Кыргызстан» ААК 35 млн 745 миң сомго 10 насыя.

Жалпы категориялар боюнча 3 млрд 896 млн 656 миң сомго 7 миң 417 насыя берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Чымкентте кармалган 38 кыргыз жараны бошотулду

Казакстандын Чымкент шаарында Кыргызстандын 38 жаранынын кармалгандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, тактоо иш-чараларынын жыйынтыгында алар бошотулган. Бул тууралуу КР ТИМи маалымдайт.

Учурда Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги, Алматы шаарындагы Башкы консулдук Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат алууну тиешелүү тараптардан үзгүлтүксүз жүргүзүшүп, керектүү иш-чараларды өткөрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Лейлек районунда селдин кесепетинен зыян тарткан үйлөр такталууда

Кечээ, 19 – июлда катталган Лейлек районунун аймагындагы селдин кесепеттери боюнча  Лейлек Районунун Мамлекеттик Администрациясынын 12 : 00гө карата маалыматы.

2021-жылдын 19- июлундагы саат 16:00 чамасында Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында жалпы  селдин кесепетинен зыян тарткан 38 үй аныкталып,  кошумча турак үйлөр такталууда. Ак-Терек айылынын тургуну 2004 -жылы туулган Абдилахат уулу Абдилализ каттуу келген селден коркуп, эс учун жоготуп каза болуп калган. Мындан сырткары 3 жаранды ( 1кишинин кан басымы көтөрүлгөн, 1 боюнда бар келин, 1 келин колунда баласы менен селге аккан) тез жардам унаасы менен аймактык ооруканага алып барып, дарыгерлердин көзөмөлөлүндө турат. Ал эми Катраң айыл аймагынын Катраң айылынын Калта-Арык участкасында 15 үйгө сел кирген, калганы такталууда.

Ушул эле күнү Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак, Миң-Жыгач, айылдарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, селдин кесепетинен 10 үй жабыркаган, калганы такталууда. Болжол менен ири мүйүздүү 40 баш мал агып кеткен, майда малдардын саны такталууда. Жергиликтүү тургундардын тамаркаларына сел кирип, эгилген мөмө-жемиштерин толугу менен алып кеткен. Тогуз-Булак айылында азык-түлүк жүктөгөн жүк ташуучу  автоунааны чиркегичи менен агызып кеткен.

Исфана шаар мэриясында 2 сайдан келген селден улам сарайлар, ички жолдор, таза суу түтүктөрү зыянга учураган.

Жогорудагылардын негизинде айылдардагы таза суу, суугат суунун түтүктөру агып кеткендиктен, азыркы убакта жергиликтүү тургундары суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Алмазбек Рахманкуловичтин тапшырмасы менен Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Максатай Мамытбековна, аппарат жетекчи Акжол Нийматович, ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте алдын ала тактоо иштерин жүргүзүп, жергиликтүү тургундарга өз ордунда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүдө.

Возможно, это изображение (1 человек, стоит, дерево и на открытом воздухе)

Лейлек Электр тармактар ишканасы тарабынан Лейлек жана Катраң айыл аймактарында зыянга учураган электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

ДЭП 13 ишканасы, тарабынан атайын техникалар коюлуп , Баткен -Исфана, Исфана- Катраң жолдорун тазалоо иштери жүргүзүлүп  жатат.

Учурда Лейлек райондук жарандык коргонуу комиссиясы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен зыянды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Возможно, это изображение (на открытом воздухе и дерево)

Лейлек Районунун Мамлекеттик Администрациясы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкө боюнча 38 жаран коронавирус жана пневмония илдетинен каза болду

Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 38 жаран коронавирус жана пневмония илдетинен каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкек – 13
Ош шаары — 2
Чүй облусу – 5
Ош облусу – 3
Талас облусу – 5
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу – 5

Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 38

Республика боюнча жалпы: 1249

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде 38 бейтап айыгып чыкты

Бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
📍 Бишкек ш. – 31
📍 Жалал-Абад облусу — 5
📍 Нарын облусу — 2

Республика боюнча жалпы 783 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Россияда курулушта иштеген 38 кыргызстандык мигранттан коронавирус аныкталды

Орусиянын Псков облусунда курулушта иштеген 38 кыргызстандыктан коронавирус табылганын аймактын башкы санитардык дарыгери Александр Нестеруктун айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.  

Россиянын Псков облусуна караштуу Новосокольнический районунда инфекциялык оорукананын курулушунда иштеп жаткандар экени, Псков облусуна 21-22-апрелде барганы айтылат.

Облус губернатору Михаил Ведерников мурдараак жалпысынан 41 жумушчу барганын, алардын 16сынан коронавирус табылганын кабарлаган.

Райондун депутаты Ирина Ершова мигранттар баргандан кийин эки апта изоляцияга алынбаганын айтып чыккан жана бул үчүн күч органдарынан иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Ал эми Россиядагы Кыргызстандын элчилиги бул тууралуу маалымат бере элек.

Abal.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 38 кишиден коронавирус аныкталды, жалпы 377ге жетти

Бүгүн Кыргызстанда дагы 38 кишиден коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.  11 кишинин абалы оор, 1025 киши обсервацияда жатат, жалпы жонунан 54 киши айыгып чыкты.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 5,

Чүй облусунда – 3,

Ош облусунда – 3,

Ош шаарында – 12,

Ысык-Көл – 2,  

Нарын облусунда – 13.

Жалпы саны 377.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button