Коом

Трамп кайрадан БССУ жана БСУдан чыгаарын айтып коркутту

АКШ Президенти Дональд Трамп кайрадан Американы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан (ДССУ) жана Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунан (БСУ) алып чыгып кетээрин айтып коркутту. Ошондой эле ал “жуманын аягына чейин” БССУну каржылоо тууралуу маселени караштыра тургандыгын белгиленген.

«Мен ДССУга да, БСУга да нааразымын… Бизди, мейли саламаттык сактоодо болсун, мейли соода-сатыкта болсун алдап келишкен» -деп билдирген ал Ак Үйдө өткөн брифингде.

«Эгерде биз менен чын ниеттен сүйлөшпөй турган болушса, мен бул уюмдардан чыгам… Мен мындай оюндарды ойноодон баш тартам!» -деген америкалык лидер.

Буга чейин АКШ Президенти бул эки уюмга карата сын айткан жана аларга АКШнын кызыкчылыктарына зыян жаратышууда деген кыязда кине койгон. Атап айтканда, Трамптын оюу боюнча БСУ АКШ тарабынан өтө чоң  өлчөмдөгү суммага каржыланып келгендигине карабастан  Кытай мамлекетинин АКШга каршы “кыянаттык максатта” жүргүзүлгөн соода-сатык аракеттерине шарт түзгөн. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button