Коом

ММК: АКШ сенатынын комитети COVID-19 вирусунун пайда болуу себептерин иликтейт

АКШ сенатынын Ички коопсуздук жана өкмөттүк иштер комитети коронавирустун пайда болуусунун жана таралышынын себептерине, ошондой эле  вирус менен күрөшүүдө Кытай өлкөсү менен Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун ролуна масштабдуу иликтөө иштерин баштайт. Бул тууралуу аталган Комитеттин төрагасы сенатор Рон Жонсон “Politico” басылмасына билдирген.

Анын оюу боюнча Комитет эмне үчүн АКШ кору эпидемияга мыкты даярдалган эмес, эмне үчүн фармацевттик дары-дармектер менен медициналык жабдуулар чет өлкөлөрдө өндүрүлөөрүн аныктап чыгуусу, ошондой эле коронавируска карата ДССУнун реакциясын жана кандай жолдор аркылуу вирус Кытайга жайылгандыгын иликтеп чыгуусу зарыл.

» Мунун бардыгы эмнеден башталды? Чынында эле вирус адамга жаныбарлардын жуктубу? Же бул Кытайдагы лабораториядан чыктыбы? Балким, мунун артында ар кандай дары каражаттарын ойлоп табуу өңдүү жакшы тилектер болгондур? Айтор, бизге азыр ДССУ бул ишти жашырууга кандай аракеттерди көргөндүгүн билүү кызык” — деди өз сөзүндө Рон Жонсон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button