Коом

Пентагондо коронавирустун жасалма жол менен пайда болгондугуна толук ишенишпейт

«АКШнын коргоо министрлиги жаңы коронавирус лабораторияда иштелип чыккан деген имиш-имиштерге кошула бербейт жана ошол эле учурда анын табигый түрдө келип чыккандыгына көбүрөөк ынанат» — деп билдирген АКШ Коргоо штабынын начальниктеринин бириккен комитетининтөрагасы,  генерал Марк Милли.

«Ар кыл массалык маалыматтарында бул тууралуу ар ким ар кандай маалыматтарды жайгаштырууда. Таң кала турчу эч нерсе жок. Биз буга абдан маани бердик жана аны тыкыр иликтеп чыгуу үчүн бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр болду. Ошондон улам мен азырынча бул (вирустун жасалма жол менен өндүрүлгөндүгү тууралуу версия) чындыкка коошпойт деп айта алам. Албетте, жүз пайыз деп айтууга болбойт, бирок фактылар анын табигый түрдө пайда болгондугун көрсөтүүдө» — деди Марк Милли пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button