Коом

Сөгүнгөн кыз тууралуу Акыйкатчы жооп берди

Бүгүн,15-апрелде акыйкатчы «Фейсбук» аркылуу түз байланышка чыгып, колдонуучулардын суроолоруна жооп берди. Акыйкатчы Токон Мамытов сөгүнгөнү видео аркылуу эл арасына тараган кыз тууралуу, эмоцияга алдырбаш керек экенин билдирди.

Сөгүнгөн кыздын окуясы сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтып, чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоо керек экенин эскертти.

 «Келгиле, териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү, чындыкты табууга тоскоолдук кылбайлы. Кыз эмне үчүн андай реакция кылганын билбейбиз. Албетте, андай кылган болбойт. Эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылыш керек. Айрыкча азыркы оор абалда. Жазасын сот чечет».

Эске салсак, буга чейин Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөн кыз тууралуу видео тараган.

Ал эми кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганы белгилүү болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button