Коом

Бишкектеги №31 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Бишкекте №31 “Бермет” бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө ачылды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бөкөнбаев көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан аталган бала бакча 1952-жылы негизделген, мекеме башкы корпустан, өзүнчө көмөкчү имараттардан, чарбалык блоктордон жана ашканадан турат, бала бакчанын жалпы аянты 3120 чарчы метр, негизги имаратын аянты 993 чарчы метр, 115 орунга ылайыкталган.

«2019-жылы бала бакча жабылып, 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы урап түшкөн, бардык экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин капиталдык оңдоо иштери 2022-жылдын аягында башталган», — деп белгилешти мэриядан.

Жалпысынан оңдоо иштеринин алкагында негизги корпус бекемделди, чатыры жабылды, ички жасалгалары жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактары алмаштырылды, бала бакчанын аймагы көрктөндүрүлдү.

Ошондой эле бала бакча мэриянын Билим берүү департаменти тарабынан материалдык-техникалык база менен 100% камсыздалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-августка карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20…+25, Нарын облусунда +19…+24 градусту көрсөтөт.

Абанын табы Бишкекте +20…+22, Ош калаасында +25…+27, Чолпон-Атада +21…+23 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Салык органдары 31-августта дагы иштейт

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды транспорт, турак жай, батир жана жер тилке үчүн салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керектигин эскертти.

Өлкөнүн салык органдары эртең, 31-август, майрам күн экенине карабай иштейт.

Ыңгайлуулук үчүн төлөөнүн ар кандай ыкмалары бар: банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, интернет-банкинг, мобилдик капчыктар жана төлөм карталары.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-июлга карата аба ырайы

Бүгүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө + 32…+37, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +25…+30 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы борбор калаада +35…+37, Ош шаарында +37…+39, Чолпон-Атада +27…+29 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, айлык акынын көлөмү 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32%га өскөн.

“Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармагы, ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында байкалган, — деп белгиледи Керималиева.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-майга карата аба ырайы

Бүгүн тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22…+27, Нарын жергесинде +21…+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, ал эми Ошто +32…+34 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31 жаранга мамлекеттик программа менен турак жай алууга ипотекалык кепилдик берилди

2023-жылдын 3 айында өлкөнүн 5 облусунда 31 кыргызстандык мамлекеттик программанын алкагында турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык кепилдик алышты. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кепилдик фондунун колдоосу менен кыймылсыз мүлк эң көп Чүй (13) жана Нарын облустарында (10), андан кийин Жалал-Абад (5), Ысык-Көл (2) жана Талас облустарында (1) сатылып алынган.

«Кепилдик фонду» ААК тарабынан 10,7 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер берилип, анын аркасында 66,7 млн сомдук ипотекалык насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Кепилдик фонду» ААК, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «РСК Банк» ААК аймактардын жашоочулары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) ипотекалык кепилдиктерди берүү боюнча келишимге кол коюшкан. Бул келишимге ылайык, Кепилдик фонду баштапкы төлөмдүн жетишпеген суммасын бере алат. Бүгүнкү күндө ал турак жайдын наркынын 20% түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-мартка карата аба ырайы

Жумада түнкүсүн республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Таласта +1…+6, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Нарын жеринде +8…+13 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +9…+11 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-январга карата аба ырайы

Шейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7 градус, Талас аймагында +1…+6, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градуска чейин жылыса, Нарында -1…-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +5…+7 градуска чейин көтөрүлөт.
Сүрөт Нуракун уулу Ибраимге таандык.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өттү

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болуп өттү.

ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министри) – Максат Мамытканов, Жогорку Кеңештин депутаты А. Масабиров, КР УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү, ардагер, бажынын генерал-лейтенанты А. Закиров, Бажы кызматынын ардагерлер союзунун төрагасы К. Кемелбаев жана башкалар мамлекеттик бажы кызматынын ардагерлерин жана бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады.

Ведомстволук сыйлыктарды тапшырып жатып, коноктор аталган кызматтын бюджеттин киреше бөлүгүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоодогу орду чоң экенин белгилешти.

Бажы кызматынын төрагасы С. Исабеков. жемиштүү кызматташуусу жана бажы кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшкөндүгү үчүн конокторго ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси өздүк курамга кайрылып, бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык кызматкерлерге коюлган милдеттерди аткарууда жакшы координацияланган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бажы кызматынын талыкпаган жана ыкчам иш-аракетинин натыйжасы бажы төлөмдөрүн жыйноо боюнча пландын 104,1%га аткарылышы болуп саналат, деп баса белгиледи төрага Исабеков.

2022-жылдын январь-декабрына карата бажы кызматы тарабынан 74,0 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү алдын ала камсыз кылынып, белгиленген план 104,1%га аткарылган же 332,5 миң сомго көп түшкөн.

2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 млрд сомду түзгөн

Башкача айтканда, быйыл 12 айда 27,1 миллиард сомго көбүрөөк чогулган, ал эми өсүү темпи 157,8%ды түздү.

Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштыра турган болсок, анда бажы кызматы тарабынан 39,7 млрд сомго көп берилген.

2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,2 млрд сомго көп. Ошондой эле, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,7 млрд сомго көп.

Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда жана бүтүндөй бажы кызматынын ишинин сапатынын олуттуу жакшырганынан кабар берет.

Сөзүнүн соңунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бардыгын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубатчылык, алдыга коюлган бардык милдеттердин аткарылышын, 2023-жыл экономиканын, маданияттын жана башка ийгиликтердин жылы болушун каалады.

Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлгөн кызматкерлерди сыйлоо аземи менен аяктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-декабрга карата аба ырайы

Ишембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1…+6, Талас менен Ысык-Көлдө 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, ал эми Нарында -5…-10 градус болору айтылды.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында, Ошто күндүз кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +1…+3 жана Ош шаарында +4…+6 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-декабрь – салык органдары үчүн жумуш күнү

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы буйругуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үчүн 31-декабрь жумуш күнү деп белгиленди.

Ушуга байланыштуу салык органдары салык төлөөчүлөрдү 31-декабрда кадимки иш тартибинде тейлешет.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана коммерциялык банктарга салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу үчүн Министрлер Кабинетинин ушул эле буйругу менен 31-декабрды жумуш күнү кылуу сунушталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектин жанына 31 миллион сомго спорт комплекси курулат

Фрунзе айыл өкмөтү Комсомольское айылына спорт комплексин курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалымат боюнча пландалган сумма 30 млн 822 миң 448 сомду түзөт.

Тендердик арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5-декабрга чейин.

Комплекске эс алуу жайлары, спорттук, маданий имараттар, мейманканалар жана ресторандар кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 31-октябрда айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас жергесинде +10…+15,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +11…+16,

Ысык-Көл облусунда +8…+13,

Нарында +5…+10 градус болору айтылды.

Бишкекте +12…+14 градус болору айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик туу 31 метр бийиктикке көтөрүлдү

Бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты болуп өттү.

Мамлекет башчысын ардак кароол ротасы тосуп алды.

Гимндин коштоосунда Кыргызстандын мамлекеттик туусу 31 метр бийктикке көтөрүлдү.

Адан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкө жарандарын майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага өлкөнүн жогорку жетекчилиги, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, коомдук ишмерлер, Кыргызстанда катталган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

31-августта Чуңкурчакта өтчү майрамдын программасы жарыяланды

Эртең, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган оюн-зоок эртең менен саат 8:00дөн кечки 19:30га чейин созулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маараке Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт.

Салтанаттуу иш-чаранын программасы:

10:00 – 10:20 — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи;

10:30 – 10:55 — Этнобазардын, кыргыз айылынын, ынтымак республикалык кароо-сынагынын жана улуттук спорт оюндарынын ачылыш аземи;

11:00 – 11:50 — Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи;

11:50 – 12:20 — ат чабыш, байге тапшыруу аземи;

12:30 – 16:30 — «Ынтымак» республикалык кароо-сынактары: кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы, күлазык, улуттук тамак-аш, элдик кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт өнөрү (кыргыз айылында улантылат);

12:30 – 17:00 — салбурун, күрөш, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка улуттук оюндар;

12:30 – 13:15 — Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы;

13:20 – 14:30 — ат оюндары: кыз куумай, эр эңиш, эр сайыш, тыйын эңмей, ат үстүндөгү шамдагай жигиттер;

14:30 – 16:30 — «Ынтымак» республикалык кароо-сынактары: улуттук ырлар, улуттук кийим-кечелер;

15:00-16:00 — «Ынтымак» республикалык кароо-сынагы: боз үйдү тез тигүү

17:00 – 19:30 — салтанаттуу иш-чаранын жабылышы, «Ынтымак» республикалык кароо-сынагынын номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи, гала-концерт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

31-август күнү Чуңкурчакта Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт

31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара УТРК, республикалык телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата иш-чаранын салтанаттуу ачылышынын башталышы болжол менен саат 09:40та.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 31-август эс алуу күнү

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу 31-август, шаршемби дем алыш күн болуп саналат.

Эмгек министрлигинин өндүрүштүк календарына ылайык, майрамга карата 30-августтагы иш күнү бир саатка кыскартылышы керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Майрамдын урматына Бишкекте салют атылбайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Бишкекте салют атылбайт. Бул тууралуу шаардык мээриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 31-августта саат 19:30да «Ала-Тоо» аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт башталат.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жалпыга маалымдоо каражаттарына аталган майрам күнүндө фейерверк болбой турганын билдирген. Кийинчерээк ал салтанатты мэрия уюштуруп жатканын белгилеп, «эгерде мэриядан салют болбойт деп айтышкан болсо, демек болбойт» деген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

Кыргызстан 31 медаль утту. Түркиядагы Ислам тилектештик оюндары аяктады

Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ислам оюндары 5-август күнү башталып, 9-август күнү салтанаттуу ачылыш аземи өткөн.

Жабылуу аземи Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу жана Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри Абдулазиз бин Турки эл-Фейсалдын катышуусунда өттү.

Жабылуу аземинде Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрдү.

Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту. Анын 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Эскерте кетсек, салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-майга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 31-майда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолдордо кар жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 20…25, Таласта 19…24, Ысык-Көлдө 14…19, Нарын облусунда 12…17 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 24…29 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы күндүз 21…23 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 31-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +16…+21

Талас облусунда +14…+19

Баткен облусунда +11…+16

Ош, Жалал-Абад облустарында +11…+16

Ысык-Көл облусунда +8…+13

Нарын облусунда +8…+13

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы +18…+20 градуска жетет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Акыркы суткада 31 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 22-февралга карата коронавирус 31 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 159 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 220 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 368 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 947 адам каза болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте 31-декабрга чейин муниципалдык транспортту Аяз ата жана Аяз кыз коштоп жүрөт

Бишкектиктердин троллейбустагы сапарын эми Аяз ата жана Аяз кыз коштоп жүрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, мындай акция шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында муниципалитет тарабынан уюштурулган.

«Он биринчи маршруттун троллейбусу биринчи болуп, Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда шаардыктарга жаңы жылдык маанай тартуулады. Балдар кубануу менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоң шаар тургундары адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү», — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, 25-декабрдан тарта жаңы жылдык каармандар автобустардын жүргүнчүлөрүнүн да көңүлүн көтөрөт.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен майрамдык транспорт 31-декабрга чейин жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Караколдо 31 миллион сомго китепкана курулат

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Каракол шаарына китепкана курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган  сумма 31 миллион 18 миң 102 сом, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-ноябрга чейин.

Курулушту   аяктоонун мөөнөтү  2022-жылдын 1-августуна чейин деп жазылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болду

Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

22-октябрь күнү Нарын шаардык кеңешинин 31 депутатынын 16сы Арслан Сталбек уулунун талапкерлигин колдоду. Мэрликке талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алган.

Нарын шаарын буга чейин Самарбек Болотбеков жетектеген. Ал алдамчылыкка шектелип камакка алынган мурдагы депутат Руслан Чойбековдун иши боюнча кармалып, кайра сыртка чыкпоо тилкаты менен кое берилген.

Ала-Тоо эл аралык университетинде каржы, насыя жана банк иштери адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 2013-2015 — KICB банкында насыя боюнча эксперт;
  • 2015 — «Бакай банкы» ААКында насыя боюнча эксперт;
  • 2016-2017 — «Бакай банкы» ААКында насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — «Азия банкы» ЖАКта насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • 2020-2021 — С. Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • 2021 — «М.СТАРД» курулуш компаниясынын директорунун орун басары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте 31 көчөдө оңдоо иштери жүрүүдө. Тизме

Учурда борбор калаада бир топ  көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу, Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында борбордун 31 көчөсү оңдолуп жатат. Алар:

-Жукеев Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов жолуна чейин;

-Сухэ-Батор көчөсү, Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;

-Чортеков көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

-Турусбеков көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;

-Будённый көчөсү, Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин;

-Карасаев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;

-Кривоносов көчөсү, Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;

-Матросов көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;

-Абдымомунов көчөсү, Манас проспектинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Ташкент көчөсү, Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Көкчө-Тоо көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Эркиндик проспекти, Жибек Жолу проспектинен Баялинов көчөсүнө чейин;

-Шота Руставели көчөсү, Ажыбек баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

-Ажыбек баатыр көчөсү, Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектине чейин;

-Кулатов көчөсү, Каракульская көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;

-Түгөлбай ата көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

-Жайыл баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (Арча-Бешик жаңы конушу);

-Өмүр көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Ашар жолуна чейин;

-Ашар көчөсү, Лущихин көчөсүнөн Өмүр жолуна чейин (Ак-Өргө темир жол бекети);

-Новая көчөсү, Ленская көчөсүнөн Жеңиш конушуна чейин;

-Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсү, Киргизия жолунан Кичи Чүй каналына чейин;

-Эне-Сай конушундагы Гидростроитель көчөсү;

-Маликов көчөсү, Гагаринден Лев Толстойго чейин;

-Кара-Жыгач конушундагы Дордой көчөсү, Анкара жолунан Достоевский көчөсүнө чейин;

-Ак-Ордо конушундагы Каркыра көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин;

-Ынтымак конушундагы Стадионная көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Магистральная көчөсүнө чейин;

-Арча-Бешик жаңы конушундагы Баба-Ата көчөсү, Бакаев көчөсүнөн Садырбаев жолуна чейин;

-Ак-Өргө конушундагы Жолон көчөсү, Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

-Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;

-Тимур Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;

-Шабдан баатыр көчөсү, Ауэзов жолунан Миң-Булак көчөсүнө чейин.

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы 10 көчөнү оңдоп жатканы айтылды. Алар:

-Гражданская көчөсү, Курманжан датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов жолуна чейин;

-Армия көчөсү, Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин;

-Каховская көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Кривоносов жолуна чейин;

-Месарош көчөсү, жээкке чейин;

-Веселая көчөсү, Жибек Жолу проспектинен Салиев көчөсүнө чейин;

-Алтын-Ордо жаңы конушу, Алтын-Ордо 3-көчөсү;

-Алтын-Ордо жаңы конушу, Алтын Ордо 6-көчөсү;

-Мыскал көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Мидин жолуна чейин;

-Кой-Таш конушу, Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров жолуна чейин;

-Республиканский көчөсү, Окрайная көчөсүнөн (ЧЧК) Мыскал жолуна чейин.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-июлга карата аба ырайы. Эртең айрым аймактарда жаан жаайт

Эртең, 31-июлда Республиканын айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз + 29 … +34;

Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +28 … +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +32 … +37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +22 … +27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +25 … +30 градус ысык болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34 градус ысык болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өмүрбек Бабанов 31-июлга чейин камакка калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин абагында кармалат.

“Жактоочулар келтирген жүйөлөрдү такыр эске алган жок. Тергөөчүнүн гана айткандарын негиз кылып чечим чыгарды. Өмүрбек Бабанов бул иш толугу менен абсурд экенин айтты. Сот жактоочулардын келтирген жүйөсүн эске алган жок”, — деди саясатчынын жактоочусу Амантур Абдрахманов.

Бабановду 31-майда “Кумтөр иши” боюнча Улуттук коопсуздук комитети кармаган.

Өмүрбек Бабанов 2-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Ал «Кумтөр» кылмыш ишиндеги коррупцияга айыпталууда. Ал өзү айыптоолорду четке кагып, аларды «абсолюттук куру сөз жана абсурд» деп атады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Экс-депутат Исхак Пирматов 31-июлга чейин камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов 31-июлга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

«Соттун 2-июнундагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Исхак Пирматовго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 31-июлга чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди»,- деп айтылат маалыматта

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көлдө 31 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 га (жарым арал) аянттагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Прокурордук текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.

2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 млн сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген.

Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулду.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

«Дженгонун» жакын адамы делген 31 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл «Дженгонун» жакын адамы делген 31 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

С.Б. аттуу адам 11-декабрда КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана аларга окшош нерселерди сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМК ал «Дженго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун өтө жакын адамдарынын бири экенин билдирди. Кармалган жарандын жашаган жеринен героин салынган таңгак табылып, мамлекеттик комитеттин Ош жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, УКМК ноябрдын этегинде Кадыр Досоновго издөө жарыялаган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

2017-жылы «Дженгону» Кара-Суу райондук соту ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүү иши боюнча актаган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бүгүн 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү

Бул күн тарыхта Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алган күн. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет жүрүп жаткан пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.

Салтанат түнкү саат 10:00 салют менен жыйынтыктала турганын шаар мэриясынан билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

31-июлда күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 31-июлда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +27…+32

Талас облусунда +25…+30

Баткен облусунда +31…+36

Ош жана Жалал-Абад облустарында +31…+36

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда+21…+26

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы +30…+32 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектеги күндүзгү стационарларда 31 миңден ашуун жаран дарыланууда

Бишкектеги күндүзгү стационарларда 31 миңден ашуун жаран дарыланууда, — деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, Бишкекте биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн 12 күндүзгү жана эки түнкү стационар ачылган. Алар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Таңкы саат 8:00дөн 20:00гө чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил формасы менен ооруган бейтаптарга ийне сайылып, кеңештер берилүүдө, ал эми саат 21:00дөн 9:00гө чейин эки түнкү стационар ишеп жатат.

«15-июлга карата мэриянын күндүзгү стационарларына 31 миң 486 шаар тургуну кайрылган, анын ичинен 23 миң 439на ийне сайылган. 7 миң 851 — кеңеш берилсе, 187 адам ооруканага жаткырылган. Ал эми 9 адам каза болуп калган»,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле түндө өз ишин баштаган түнкү стационарларга 282 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Стационарлардын бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Экинчиси болсо Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Консул» ресторанында.

«Эгерде түн ичинде өзүңүздүн же жакын адамыңыздын саламаттыгы начарласа, анда көп күтпөстөн тезинен 103 кызматына чалыңыз. Медициналык тез жардам тобу бошобой жаткан болсо, мүмкүнчүлүккө жараша түнкү стационарларга келиңиз, медиктер алгачкы жардамды көрсөтөт», — деп мэрия шаар тургундарына кайрылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада пневмониядан 31 адам көз жумду

Бүгүн, 4-июлга карата стационарларда пневмония менен дарыланып жаткан бейтаптардын саны 2122 адамды түздү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен:

  • 153 адам жандандыруу бөлүмүндө;
  • 496 бейтаптын абалы оор.

Ошондой эле бир суткада пневмониядан 31 бейтап каза болду. Муну менен көз жумгандардын жалпы саны 151 адамга жетти.

Аатлган бейтаптардын COVID-19 вирусуна карата тапшырган анализдери таза чыккан. Бүгүнкү күнгө карата 3009 адамдан пневмония аныкталып, анын ичинен 736 киши айыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Ташкентте карантин учурунда 31 жаштагы эркек кишини сабап, мүчөлөп бөлүп салышкан

Үрөй учурган окуя Ташкент шаарында 7- майда катталган. Маалым болгондой 8- май күнү 31- жаштагы Равшандын жакындары бир сутка мурун үйдөн чыгып кайра келбегенин айтып милиция бөлүмүнө кайрылган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында Равшан Жамалидин деген таанышына автоунаа салмак, ал эми акчасын эки айда берем деп макулдашылган. Бирок, ал эки ай күтпөй унаасын алып алган. Ага ызырынып жүргөн Жамалидин өч алуу иретинде үйүнө чакырып, колу бутун таңып акча талап кылган. Равшан аялына чалып ортомчуга акча берүүнү айтат.

Андан соң Жамалидинге кайрылып, тийиштүү органдарга айтаарын билдирет. Ошол кезде кармалып калуудан корккон Жамалидин Равшанды уруп өлтүрүп алат, эч ким билбесин деп, башын, колдорун, буттарын кесип, көчөгө көмүп салган. Учурда бул окуя боюнча адам өлтүрүү беренеси боюнча иш козголгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Москвада чектөөлөр 31-майга чейин узартылды

Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү 31-майга чейин узартты.

Мэрдин жарлыгы анын сайтына жарыяланды. «Соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, кызмат көрсөтүү тармактары, маданият, билим берүү, спорт, өндүрүштүк эмес тармактар жана өзүн-өзү изоляциялоо режими 2020-жылдын 31-майына чейин узартылды. Ресторан, театрларды ачууга али эрте», — деп Собянин өзүнүн блогуна жазган.

Калаа башчынын айтымында, Москва ичинде жүрүү үчүн өткөрмө кагаздары жумасына эки ирет, ал эми медициналык мекемелер менен ыктыярчыларга күн сайын берилет. Акыркы маалыматтар боюнча Россияда илдетке кабылгандардын саны 177 160га жетти. Оорунун кесепетинен 1625 киши көз жумса, 23 803 бейтап сакайып кетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн 31 чатыр тигилди

Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды тез арада коопсуз жайларга көчүрүү боюнча изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен Ош облусунун Алай районунда 31 даана чатыр тигилди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Таш-Коро айылына 18, Чакмак айылына 2, Коңур-Дөбө айылына 5 жана Будалык айылына 6 чатыр тигилген.

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республика боюнча 10 орундуу жалпы 153 даана чатырлар бөлүнүп берилип, коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана тийиштүү айыл аймактарынын башчыларына 4290 атайын эскертмелер берилди.

Булак: Медиацентр

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда болгону 31 инфекционист дарыгер бар

Учурдагы коронавирустук кырдаалга байланыштуу түзүлгөн мобилдик топто жалпы 312 медицина кызматкери иштөөдө.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикеримов жогорку кеңештин жыйынында билдиргендей, алардын ичинен 31и инфекционист дарыгер болсо, 115и эпидемиологдор.

Бүгүнкү күнгө карата 98 медицина кызматкерлери оору жуктуруп алышкан. Алардын 27си дарыгерлер болсо, калгандары ашпозчулар, санитарка сыяктуу кызматкерлер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button