Коом

Беларуста жаран Лукашенкону сотко берди

2- апрель күнү 68 жаштагы Полоцка Лидия Матвеева Витебск облустук клиникалык ооруканада көз жумган. Аялдын өлүмүнө «пневмония илдети», «коронавирус» анализи коюлган. Каза болгон аялдын баласы Александр Францияда жашагандыктан, карантинге байланыштуу, энесин жерге берүүгө келе алган эмес. Александр эгер президент Лукашенко өлкөдө коронавируска каршы чараларды көргөндө, абал башкача болмок дейт. Александр Полоцкий РОВДга президентке каршы иш козголсун деп арыз менен телофон аркылуу кайрылган.

Алгач милиция кызматкерлери арызды алуудан баш тарткан.

Акырында милиция кызматкерлери арызды кабыл алып жообун кайсыл дарекке жиберүү керек экенин сурап Александрга байланышка чыккан.

Эске салсак,  Беларусь өлкөсүндө өзгөчө абал киргизилген эмес.

Джон Хопкинс Университетинин маалыматында учурда Беларуссияда 3728 вурус жуктургандар катталып, 36 жаран каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button