Коом

200 млн сом муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн бөлүндү

Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 млн сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу категорияларын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында  жүргүзүлөт.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчилик алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button