Коронавирус. 930 жарандан илдет аныкталып, 13 бейтап каза болду
Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19дун 930 учуру аныкталып, 13 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Ага ылайык:
Бишкек шаарында 528,
Ош шаарында 4,
Чүйдө 142,
Ошто облусу 43,
Таласта 16,
Нарында 17,
Ысык-Көлдө 57,
Жалал-Абадда 67,
Баткенде 56 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмониянын 161 миң 15 учуру жана COVID-19 катталды.
Акыркы суткада 13 адам коронавирустан көз жумду. Бишкек шаарында жети, Чүй облусунда үч, Ош, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды.
2020-жылдын март айынан бери республикада 2301 адам каза болду.