Коом

Кытай экономикасы кыйрады. Кезек кимде?

Коронавирус Кытай экономикасын кризиске кептеди. Дүйнө жүзү боюнча экинчи орундагы ири экономика буга чейин өмүрү болуп көрбөгөн соккуга кабылган. Мунун өзү келечекте бүтүндөй дүйнө жүзү үчүн олуттуу көйгөйлөр менен коштолмокчу.

Кытай дүйнөлүк алдыңкы державлардын ичинен биринчи болуп вирус соккусуна кабылып, карантинге кетсе, жума күнү биринчилердин болуп экономикалык кесепеттер тууралуу өз корутундусу тууралуу отчёт берген.

Кытай отчёту боюнча өлкө экономикасы жылдык көрсөткүч боюнча алганда 6,8%га төмөндөгөн. Буга чейин өлкө экономикасынын өсүү темпи жыл сайын 15%га чейин жетип турганын эске алсак, Кытай үчүн бул күтүлбөгөн кыйроо болгон, башкача айтканда бул өлкө мындайды Мао Цзедун башкарып турган 1970-жылдардагы кыйроо жана «маданий революцияларга» таандык репрессиялар мезгилинен бери көрө элек болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button