Коом

Африкада коронавирус менен жабыркагандардын саны 22 500 адамга жетти

Африкадакоронавирусжуктурупалгандардын саны 22,5 миң адамга, ал эми каза болгондордун саны – 1,1 миң адамга жетти. Бул тууралуу Африкалык ооруларды контролдоо жана алдын алуу борбору билдирген.

Аталган уюмдун маалыматына ылайык дүйшөмбү күнү кечинде Африкалык союзга кирген 55 мамлекеттин элүү экисинен 22 513 жаңы оору учурлары катталып, 1126 адам каза болгон. Адистердин айтуусу боюнча 5534 адам сакайып кеткен.

Коронавирустук инфекция учурларынын көпчүлүгү ТАР (ЮАР) (3158), Египет  (3144), Марокко (2990), Алжир (2619) жана Камерунда (1016) катталган. Ал эми Лесото, Батыш Сахара, ошондой эле Комора өңдүү Африка мамлекеттеринде баштагыдай эле COVID-19 инфекциясынын жаңы учурлары катталган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button