Коом

Кыргызстанда 22 ооруканага баланын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар берилди

Кыргызстанда 22 ооруканага ымыркайдын жана балдардын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар төмөнкү бейтапканаларга берилди:

— Сузак ЖДПБ – 2;
— Сузак төрөт үйү – 1;
— Жалал-Абад облустук төрөт үйү – 1;
— Жалал-Абад ЖДПБ – 2;
— Ноокат ЖДПБ «Барын» – 1;
— Ноокат ЖДПБ «Медигос» – 1;
— Ноокат төрөт үйү – 1;
— ООБКО – 1;
— Ош шаардык төрөт үйү – 1;
— Ош ҮМБ – 2;
— Бишкек ҮМБ – 4;
— Каракол ЫОБО – 1;
— Чолпон-Ата төрөт үйү, ЖДПБ – 2;
— ЭжБКУБ – 2.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жана Ош облустар аралык балдар ооруканасы комплекстүү диагностика жүргүзүүчү жабдуу алышты.

«Буга чейин 150дөн ашык медицина кызматкерлери жабдууларды туура жана натыйжалуу пайдалануу үчүн окуудан өткөн. Эми өлкөнүн түштүгүндөгү ата-энелер Бишкекке эмес, Ошко келип балдарынын угуу боюнча көйгөйлөрдү аныктай алышат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жабдуулардын жалпы баасы 8,6 млн сомду (99 миң АКШ долларын) түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-сентябрга карата аба ырайы

Жума күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жергесинде +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл менен Нарында +9…+14 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +15…+17, Ошто +20…+22 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 22 мугалим билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды

Кыргызстанда 22 мугалим билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мугалимдер бүгүн, 28-августта педагогдордун август конференциясында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон өзгөчө салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды.

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлангандар:

1. Базарбай кызы Зулайка – Ош шаары, №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебинин химия жана биология мугалими;2. Бапышова Динара Үсөнбаевна – Ош облусу, Өзгөн району, К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынын математика жана информатика мугалими;

3. Жумабаева Алтын Гапуровна – Баткен облусу, Кадамжай району, Молдо Нияз атындагы №37 гимназия мектебинин химия мугалими;

4. Илипбаева Чолпон Садыбакасовна – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, С.Киров атындагы орто мектебинин тарых мугалими;

5. Сатиева Чынара Мураталиевна – Жалал-Абад облусу, Сузак району, М.Торомаматов атындагы №96 жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими;

6. Джоробекова Айкан Шаршенбековна – Талас облусу, Айтматов району, Т.Бабанов атындагы жатак-лицейинин тарых мугалими;

7. Раимкулова Айнажан Камчыбековна – Чүй облусу, Панфилов району, Ж.Болотбеков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

8. Алымкожоев Өмүрбек Жумадилович – Чүй облусу, Аламүдүн району, Маевка орто мектебинин тарых мугалими;

9. Жукова Наталья Николаевна – Бишкек шаары, №25 жалпы орто билим берүүчү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

10. Жапарова Махабат Жолдошовна – Бишкек шаары, №88 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

11. Иманалиева Венера Мукашовна – Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

1. Мурзабекова Жазгүл Дүйшөнбековна – Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалими;

2. Маатова Гулжамал Максатовна – Ош облусу, Кара-Суу району, А.Сматов атындагы №44 орто мектебинин информатика мугалими;

3. Мамраимов Өмүрзак Көкүлович – Ош шаары, С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

4. Кубатова Гулзира Назаркуловна – Баткен облусу, Лейлек району, №3 мектеп-гимназиясынын математика мугалими;

5. Эсенгулов Мурат Каниметович – Нарын облусу, Ат-Башы району, К.Керималиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебинин тарых мугалими;

6. Исмаилова Гүлназ Кубанчбековна – Нарын облусу, Нарын шаары, В.П. Чкалов атындагы № 2 мектеп –гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;

7. Молдалиева Бактыкан Кубанычбековна – Талас облусу, Бакай-Ата району, Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

8. Думукенова Назира Джапаровна – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, №11 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

9. Назарова Людмила Эдуардовна – Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплексинин математика мугалими;

10. Кошуева Даркүл Баатыровна – “Сема” Ош лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

11. Атазова Калбү Карыбековна – Ош облусу, Араван району, № 48 “Гүлбаар” атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-августка карата аба ырайы

Бүгүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32…+37, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын жергесинде +25…+30 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +33…+35, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Атада +23…+25 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-июлга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +33…+38, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көлдө +24…+29 жана Нарында +26…+31 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +35…+37, Чолпон-Атада +24…+26 жана Ош шаарында +36…+38 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

ИИМ: Психотроптук зат саткан 22 жаштагы жаран кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолуу салмактагы 6 кг болгон «мефедрон» психотроптук затын табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, кармалган жарандан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин жасалма документи табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк.

Ошентип мефедрон психотроптук затынын 40 миңден ашуун бир дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-июнга карата аба ырайы

Бүгүн күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас жергесинде +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +31…+36, Ысык-Көл облусунда +24…+29, Нарын аймагында +23…+28 градус ысык болот.

Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +25…+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-майга карата аба ырайы

Бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу региондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Талас өрөөнүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +17…+22, Нарын жергесинде +12…+17 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24…+26, ал эми Ошто +29…+31 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

«Манас» аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттар аныкталды

Бажы кызматкерлери «Манас» аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүнөн табылган.

«ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригинал кол сааттары келген.

КРСоода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 2 млн 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факт тиешелүү органдарга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-апрелге карата аба ырайы

Бүгүн, тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Таласта +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл жеринде +11…+16, Нарын чөлкөмүндө +13…18 градусту көрсөтөт.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +25…+27 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-мартка карата аба ырайы

22-март, шаршембиде, күндүн экинчи жарымында айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас аймагында +9…+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көл өрөөнүндө +10…+15, Нарында +6…+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14…+16 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +18…+20 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-февралга карата аба ырайы

Шаршембиде өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, Талас жергесинде +10…+15, Ысык-Көл чөлкөмүндө +6…+11, ал эми Нарында -2…+3 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17 жана Ош калаасында +16…+18 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Кыял» МИнин алдындагы базардын 22 жылдан берки «ишмердиги»: салыктан жашырылган миллиондор, кожоюндардын мыйзам бузуулары

Күнүнө он миңдей адам кирип-чыгып соода кылган Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Кыял» мамлекеттик ишканасынын алдында жайгашкан базардагы көйгөйлөр тууралуу акыркы убактарда ЖМКларда жана социалдык тармактарда байма-бай маалыматтар, иликтөөлөр чыгып жатат.

Сыртынан караганда алакандай көрүнгөн бул базар 0, 40 сотых жерде жайгашып, ичинде 800дөй соода оруну бар. 2000-жылдары «Элдик чеберлер союзу» Бишкек шаардык мэриясынан ижарага алып, ушул базарды курушкан. «Балык башынан сасыйт» демекчи, Бишкек шаарынын генпланында бул жер унаа токтоочу жай катары көрсөтүлгөнүнө карабастан, базар куруу үчүн ижарага берилип кеткен.

Ошондо 2000-жылдан 2022-жылга чейин «Элдик чеберлер союзу» бирикмеси базардагы соода орундарын ишкерлерге ижарага гана бербестен, 18-20 миң АКШ долларына саткан жана ай сайын ижара акысын дагы алып турган (https://youtu.be/DSQML4rauBQ).

Мындай өзүм билемдки иштерин жасаган «Элдик чеберлер союзу» КБсынын төрагасы, базарга буга чейин ээлик кылып келген Султанбек Макашов «Кыял» мамлекеттик ишканасында узак жылдар боюу директорлук кызматты аркалаган. «Кыялдын» бүгүнкүдөй, таштандыга толгон, таланып-тонолгон, кароосуз калган абалына Султанбек Макашовдун салымы чоң экенин сокур кишиге деле дайын болуп турат.

Муниципалдык жерди ижарага алып, коркпостон аны кайра сатып, сатып алган ишкерлерден ай сайын дагы ижара акысын алып турган Мукашов жана Айылчиев Замирге мыйзам иштебейби? Же бул адамдар кудайдын эркесиби?

Бишкек шаардык мэриясынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин маалыматына таянсак (https://youtu.be/DSQML4rauBQ) талашка түшкөн базарды муниципалдык базарга айлантуу ниетинде иш алып барып жатышат. Бирок, Макашовдор мэрия менен келишимди узартуу үчүн улам сотко берип, азыр бул жерге сот тарабынан чектөө (арест) коюлган.

Эскерте кетсек, мэрия буга чейин 2022жылы декабрь айында  «Элдик чеберлер союзу» бирикмеси менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, токтоткон.

Ошондо өткөн жылдын декабрынан бери Султанбек Макашов жетектеген «Элдик чеберлер союзу» КБсынын капчыгына түшүп турган миллиондогон акчалар кан буугандай токтоп калуу астында турат. «Уябагандан өзүн уял» дейт кыргыз эли! Мыйзамды да, адамдык этиканы сыйлабаган Макашов жана анын командасы Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти (мындан ары – Департамент) менен соттошуп келет. Дооматтары – келишимдин бир тараптуу токтотулушу.

Мамлекеттин жерин каалагандай пайдаланып, байлыкка тунган Макашовдун мэрияны сотко бергенин акыл-эстүү адам түшүнө бербейт. «Мамлекет мени менен келишимди токтотту, менин акча агылган булагым жабылды» таризинде доомат арткан Макашовго колдоо кылып, жан тарткан соттордун өзүн жоопкерчиликке тартуу зарыл. Макашов дээрлик 22 жыл бул базарды иштетип, казынага канча салык төлөгөн? Канча соода орундары болгон? Анын канчасын саткан? Канча ишкерден, канча сумма ижара акысын алып турган? Бул суроолорго жоопту салык кызматынан алуу керек.

Жакында Кудайберген базарынын ээлери салыктан жашырган суммаларын (70 миллион сом) казынага төлөп берди. Бул базарда дагы так ошондой окуя болуп жатат.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгени карапайым элдин үмүт отун жандырып, мамлекетти тоноп байыган бир топ атка минерлердин жегенин кайра мамлекетке кайтартып жатканына коомчулук күбө.

Макалада сөз кылган «Кыял» МИнин жанындагы базарды дагы президент жеке көзөмөлүнө алып жана башкы көзөмөлдөөчү органдар  терең иликтеп чыкса, 22 жылдын ичинде Макашовдордун казынага канча зыян келтиргени аныкталып, бююжетке оңбогондой суммадагы акча кайтарылат!

Акыркы 6 айдан бери базардын мурдагы «кожоюндары» келишиминин бүткөнүнө карабастан, дагы деле ишкерлерден акча чогултуп, мыйзамсыз түрдө иштеп жатышат. Алардын мындай иштерине нааразы болгон ишкерлер мэрия менен жыйналыш өткөрүп, анда муниципалдык базар курууга макул болушуп, өздөрүнүн арасынан мэрия иштешүүчү өкүлдү шайлашат. Көпчүлүктүн ишеними менен Акылбек Аскаралиев шайланып, «Кыял Гранд» коомдук бирикмесин түзүп, базардын мындан аркы тагдыры менен күрөшүп, муниципалдык базар болуусуна мэрияга жардамдашып жатат. «Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерег секиртет» дегендей, оңой акчадан кол жуугулары келбеген «Элдик чеберлер союзу» КБсы Акылбек Аскаралиевди жаман аттуу кылуу максатында, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып, атайын тапшырык менен репортаж даярдаткан (https://youtu.be/iXg597Us5Eg).

«Чубактын кунундай чубалжыган» базардагы чырды 2023-жылдын 30-январында Ленин райондук соту бул чырдуу иштери карап баштады. Алгачкы отурумда сот материалдар менен таанышты. Кийинки отурум 15-февралга жылдырылды. Сотко байкоочу катары катышкандарды пикиринде, сот аткаруучу көз көрүнөө эле «Элдик чеберлер союзу» КБсынын укугун коргоп жатат. Бул жерде мамлекеттик менчикти колдонууда мыйзам бузуулар болуп, мэриянын алдындагы Департамент ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барууда. Ленин райондук соту миллиондогон акчалар казынадан кыйгач өтүп, жеке менчик ээлерин байытып жатканына кайыл болбой, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарууга тийиш.

Сот иштерин жүрүшү, чечимдери тууралуу коомчулукка маалымат берилип турат. Мамлекеттик мүлктөрдүн эсебинен байып, элдин жонунан кайыш тилгендерге мыйзам менен чара көрүү зарыл!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-ноябрга карата аба ырайы

Бүгүн, шейшембиде, күндүз дыйканчылык аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында +6…+11,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8…+13,

Ысык-Көлдө +5…+10,

Нарын жергесинде 0…+5 градуска чейин жылуу болот.

Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +9…+11 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында жамгыр жаабайт, абанын температурасы +11…+13 градуска жетери болжолдонду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

4-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жер-жерлерде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаайт. Бийик тоолордо кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +15…+20

Талас облусунда +13…+18

Баткен облусунда +19…+24

Ош, Жалал-Абад облустарында +19…+24

Ысык-Көл облусунда +14…+19

Нарын облусунда +4…+19

Бишкек шаарында абанын температурасы +18…+20° болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,6 млрд куб метрге жетти

Бүгүн, 29-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 603 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 249 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 167 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенге жардам. Таласта 22 пункт ачылып, 850 миң сом чогулду

Баткенге жардам көрсөтүү максатында Таластын төрт районунда гуманитардык жардамдарды чогултуучу 22 пункт ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чогулган жардам ӨКМдин коштоосунда кечке маал Баткенге жол тартуусу күтүлүүдө. Аймакта азык-түлүк жана саат 15:00гө карата 850 миң сом акча каражаты чогулду.

Талас облусунун төмөндөгү райондорунда жайгашкан мамлекеттик администрацияларга байланышып, жардам көрсөтүүгө болот:

— Бакай-Ата району;

— Кара-Буура району;

— Манас району;

— Талас району.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 12,3 млрд куб метрге жетти

Бүгүн, 4-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 290,40 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 997 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 422 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

Ысык-Көлдө 22 өлкөдөн келген жөө күлүктөрдүн катышуусунда эл аралык марафон старт алды

Бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды.

Марафонду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

«Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз», — дейт ал.

Жапаров Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон бир гана Ысык-Көлдө өтүп жатканын кошумчалады.

Жарышта 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сыноодо.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшүүдө:

— Марафон — 42 чакырым 195 метр;
— Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр
— 10 жана 3 чакырым;
— 3 чакырымга скандинавиялык басуу;
— 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.

Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өтүүдө.

Марафондун байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 22-апрелде, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 19…24, Таласта 18…23, Ысык-Көл жана Нарында 15…20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 21…26 градус ысык болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы күндүз 22…24 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 22-мартта, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан- чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында 4…9 градус, Нарында 5…10 градус болот.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 5…7 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Электр энергиясына карызы бар 2,2 миңден ашуун абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт

31-январдан тарта «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына карызы бар 2,2 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.
Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,5 миллион сомду түзгөн.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты «Түндүк электр» ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
Эске сала кетсек, почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, электрге төлөмдү терминал аркылуу жүргүзүү мүмкүн. «Түндүк электр» төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, «БТА Банк» терминалдары, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу кабыл алат. Билдирме «Түндүк электр» ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

БШК: 22 саясий партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 22 партия тарабынан 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алар төмөнкү партиялар:

  1. “Социал-Демократтар” партиясы;
  2. “Улуттар биримдиги” партиясы;
  3. “Ишеним” партиясы;
  4. “Альянс” партиясы;
  5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
  6. “Жаратман эл” партиясы;
  7. “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы” (Патриотическая партия единения Кыргызстана);
  8. “Ата Мекен” партиясы;
  9. “Ыйман нуру” партиясы;
  10. “Элдин үмүтү социалдык-саясий партиясы”;
  11. “Актив” партиясы;
  12. “Элге бийлик” партиясы;
  13. “Акыйкат Кыргызстан” партиясы;
  14. “Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”;
  15. “Ар-Намыс”;
  16. «Ак Бата”;
  17. «Социалист”;
  18. «Тилектештик”;
  19. «Аалам”;
  20. «Ынтымак”;
  21. » Азаттык” демократиялык партиясы»;
  22. «Күч биримдикте социалдык-саясий партиясы».

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.

Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22 жаштагы мугалим сынакта автоунаа утуп алды

Бүгүн, 5-июлда «Билимдар» долбоорунун алкагында мугалимдер арасында өткөрүлгөн республикалык китеп окуу сынагы жыйынтыкталды. Сынак педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов түзгөн «Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» китебинин негизинде уюштурулган.

«Билимдар» долбоору – билим берүүгө жана тарбиялоого арналган социалдык долбоор. Ал 2021-жылдын башында «Дем Бер!» кыймылы тарабынан уюштурулган.

Сынактын уюштуруучусу Булутбек Имаров конкурстун максаты – мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу экенин айтты.

«Мугалим — чырпыктан чынар өстүрөт» китебине таасирленген мугалимдердин өз ара конкурс, семинар-тренинг жана башка иш-чараларды өткөргөндөрү болду. Райондук билим берүү бөлүмдөрү да семинарларды өткөрүштү. Бул китепти окуган ар бир мугалим, китеп боюнча жакшы пикирлерин айтып, «мугалим үчүн табылгыс белек» экенин белгилешти. Ал тургай, педагогикалык окуу жайдын студенттерине окутуу үчүн сунуштаган кесиптештер да кездешти», — деди Имаров.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө автоунаа, ноутбук, смартфон жана 30 мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо коюлган. Өлкөнүн бардык аймагынан бул китепти 4 миңден ашык мугалим окуп, анын 1550сү сынакка катышты: шарт боюнча китептин негизинде түзүлгөн тестти онлайн тапшырышты.

Сынактын жыйынтыгы 2021-жылдын 31-майында чыгып, 36 мугалим байгелүү орунга ээ болду.

Ал эми, баш байгени, тактап айтканда, автоунааны Лейлек районунун Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебинин 22 жаштагы мугалими Майрамгүл Орозбай кызы утуп алды. Көптөн бери унааны самап жүргөн жеңүүчү биринчи укканда ишенбей, аябай кубанганын айтып берди.

«Бизде унаа жок болчу. Көптөн бери каалап, акча чогултуп жүргөнбүз. Биринчи укканда ишенбей, шок болдум. Абдан сүйүнүп, кубандым. Бул сынакка февралдан бери даярданып жүргөм. Буга чейин да ушул долбоордун алкагында биринчи сыноо тестин тапшырганбыз, анда да биринчи орунга ээ болгом. Уюштуруучуларга ушундай чоң жана жакшы мүмкүнчүлүккө чексиз ыраазычылыгымды билдирем», — деди Орозбай кызы.

Байгелер бүгүн, 5-июлда Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында тапшырылды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, окутуучу-профессорлор жана башка меймандар катышып, жеңүүчүлөрдү куттукташты.

Ысык-Көлгө жолдомо уткан мугалимдер 6-11-июль күндөрү көл жээгинде эс алышат. Алар үчүн 72 сааттык окуу курсу өтүлөт. Анын жыйынтыгы менен кесиптик чеберчилигин жогорулаткандыгы жөнүндө сертификат берилет.

Ал эми башка алты жеңүүчүгө баалуу белектер тапшырылды.

Булак: «Марал» радиосу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Мурдагы чалгындоо кызматкери Кумтөрдөгү алдамчылык тууралуу пикирин билдирди 

Россиялык ишкер Александр Лебедев Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ишкер жазгандай, ал шахтага 15-июнда барган. Ошол күнү президент Садыр Жапаров кенде болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Лебедев КГБнын Биринчи Башкы башкармалыгынын кызматкери болгон жана 1987-жылдан бери Лондондогу СССРдин элчилигинде иштеген. 1993-жылы СССРдин Улуу Британиядагы элчилигинин мурунку кызматкерлеринин тобу менен биргеликте Россиянын Инвестициялык-Финансылык Компаниясын негиздеп, директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалаган.

2006-жылы Forbes журналы анын байлыгын 3,7 миллиард долларга баалаган.
Мамлекеттик Думанын депутаты болгон.

Ал «Новая газета» гезитиндеги үлүштүн ээси жана уулу менен бирге (азыр анын уулу Евгений Лебедев Улуу Британиянын жараны, премьер-министр Борис Джонсондун сунушу боюнча англис тили боюнча кеңешчи) Британиянын Evening Standard жана The Independent гезиттерине ээлик кылат.

Лебедев Раиса Горбачеванын фондун негиздеген, бул анын Ельцинге чейинки бийликке болгон мамилесин билдирет. Россиянын заманбап өкмөтү менен мамиле дагы жөнөкөй эмес – 2012-жылы Улуттук резерв банкы оппозициянын лидери Алексей Навальныйды Аэрофлоттун директорлор кеңешине көрсөткөн, анда Лебедев акциялардын 15 пайызына ээ болгон.

2014-жылдын февраль айында ал америкалык The New York Times гезитине жана анын Британиялык басылмаларына бир катар макалаларын жарыялап, анда глобалдык коррупцияга жана каржылык алдамчылыкка каршы күрөшүү үчүн эл аралык тутумду түзүүгө чакырган.

Лебедев ошондой эле «үчүнчү колониализм» феноменинин ачылышын жарыялады – «алтын миллиардын» кызыкчылыгы үчүн «перифериялык өлкөлөрдөн» финансылык ресурстарды сифондоого негизделген система.
Кумтөргө болгон саякат жөнүндө постто ал мындай деп жазган: «… тоо-кен казуу иштери 25 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келе жатат, бул жылдардагы киреше болжол менен 12 (!) миллиард долларды түзөт, анын ичинен Кыргызстан расмий түрдө (!) бир нече жүз миллиондон ашык доллар алган эмес».

Балким, бул дагы Россиянын Президенти Владимир Путиндин Президенттик Аппараттын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты Бишкекке жибергенинин себебин түшүндүрсө керек.

Булак: Акипресс сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Жаратмандар

2,2 карат Алмаз тапкан бактылуу жигит асыл ташты кайда жумшарын айтты

Изилдөөдөн талбаган Кристиан Лиден  “Алмаз Кратери” деп аталган  мамлекеттик паркына алмаз издеп көп ирет барган.

Ошол жерде адамадар үчүн атайын талаа бар, каалаган адам бактысын сынап, асыл таштарды издей алат.

Кристиан талыкпаган эмгегинин артында, 2,2 караттык асыл таштын ээси болуп калды.

Маалым болгондой, жигит көптөн бери колуктусуна бере турган нике шакекчесинин компоненттерин өз алдынча табууну кыялданган. Ал маанилүү деп эсептелген нике шакегин өз колу менен жасоону эңсеп келген.

Жигиттин кыялы орундалып, көптөн издегени табылып, 2,2 карат алмаз таштуу нике шакегин колуктусунун колуна салуу алдында турат.

алмаз для обручального кольца

Белгилүү болгондой, чекене базардагы 1 караттын (0,2 грамм) наркы орточо сапаттагы майда таштар үчүн 40-50 миң рублдан башталат. Ал эми  жакшы сапаттагы  үлгүлөр үчүн 2 000 000 рублдан ашат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстандын алтын запасы бир айда 22 миллиард сомго кымбаттады

Апрель айында Кыргызстандын алтын кору 22 миллиард сомго кымбаттады. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн Улуттук банкынын расмий сайтына чыкты.

Ушул жылдын 1-апрелинде башкы банктагы алтындын резерви 76 миллиард 986,8 миллион сомго, ал эми май айынын башында 99 миллиард 33,7 миллион сомго бааланган.

Алтын корунун бул баасы өлкө тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп калды. Мындай өсүшкө эмне себеп болгону айтылган эмес. Бирок Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата (дүйнөлүк баага барабар) апрелде 33,5 долларга өсүп, 1 767,65 болду. Кеп трой унциясынын 31,1 грамм болгон наркы туурасында жүрүп жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, резервдин наркы бир жылга жетпеген убакыт ичинде эки эсеге (өткөн жылдын июнь айынын башында — 48,4 миллиард сом) жогорулаган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бүгүн 22-апрель Эл аралык Жер күнү

«Жер күнүң менен!

Жыл сайын, 22-апрелде, биздин жалпы үйүбүздүн күнү – Эл аралык Жер эне күнү белгиленет! Бул майрамдын негизги максаты – адам менен экосистеманын ортосундагы маанилүү байланышты көрсөтүү, биздин планетанын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана Жерди сактап калуу үчүн туура багытта бара баштоо” – деп жазат өзүнүн инстаграм баракчасына космонавт Олег Артемьев.

“Ушул күндүн урматына, биздин үйгө ыраазычылык иретинде –​​ Жер планетасынын укмуштуу жана кооз сүрөттөрүнүн тандалмасын сиздерге сунуштайм”, – деген.

Эске салсак, космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган тасмасын жарыялаган.

Маалымат катары:

Эл аралык Жер эне күнү Боливиянын демилгеси менен 2009-жылдын 22-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясында жарыяланган. Резолюцияны БУУга мүчө 50дөн ашык мамлекет каржылаган. Иш-чаранын максаты – Жердин жана анын экосистемаларынын жалпы үй экендигине коомчулуктун көңүлүн буруу, жаратылышка кам көрүү болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Карызын 22 килограмм тыйын менен төлөгөн жаран…

Архангельск облусунун Северодвинск шаарынын тургуну карызынын бир бөлүгүн 22 килограмм тыйын менен төлөп берди. Бул тууралуу «Архангельск онлайн» басылмасы билдирет.

Россиялык жаран сот аткаруучулар кеңсесине жалпы салмагы 22 килограмм болгон эки жашык тыйын алып келген.
Алардын арасында 10 рубль, 1 рубль, 50 жана 10 копейка номиналындагы «кичинекей тыйындар» болгон. Жалпы сумма 38715 рубль 20 копейканы түздү.

Ал, эмне себептен карызды ушундай жол менен төлөөнү чечкенин ачык айткан жок, бирок, тыйындарды карызды төлөө үчүн чогултканын жашырган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Тажикстандын органдары 22 жаранды кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

2021-жылдын 16-февралында Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, ТРнын Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстан Республикасынын атайын кызматы тарабынан кармалган.

Бүгүн 22-февралда кармалган жарандардын жакындары КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмурбек Суваналиевге кайрылышты.

Ыйгарым укутуу өкүл, “учурда укук коргоо органдары тарабынан, кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата энеси Тажикстан Республкикасына барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөөрүн билдирди.

Ошондой эле чек аралаш аймакта орун алган маселелерди, мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келээрин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Албетте күнөөсү аныкталса.

Белгилей кетүүчү нерсе, КРнын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстан Республикасын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлейк районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети.

Башка аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, ТРнын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Бишкекте 22 откана газга өткөрүлөт

Бишкекте 22 откана газга өткөрүлөт. Бул тууралуу борбор калаадагы түтүн жана көйгөйдү чечүү жолдору боюнча коомчулуктун жана эксперттик экологиялык коомчулуктун жыйынында п.м.а Артем Новиков айтты.

«Бул үчүн 200 млн сом керектелет. Биз аны табабыз. Мэрдин м.а Балбак Түлөбаев менен буга чейин талкуулаганбыз », — деди ал.

Ошондой эле, ал абанын булганыш көйгөйүн бир жылдын ичинде чечүүгө болбой тургандыгын, бирок деңгээлин акырындык менен төмөндөтүүгө боло тургандыгын кошумчалады.

Артем Новиков ошондой эле борбордогу ЖЭБди газга өткөрүү маселеси изилденип жаткандыгын баса белгиледи.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-декабрда Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт

Эртең 22-декабрда, шаршемби күнү, Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 10:00дөн 13:00гө чейин — Месарош, Ильменский, Серпуховский, Сельсоветский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Арча-Бешик (Айылчиев, Кара-Коо, Он-Арча көчөлөрү) конушу, Кара-Балта, Харьковск, Фучик, Ленский көчөлөрүнүн бир бөлүгү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Казакстан 22-декабрдан тарта Орусиянын вакцинасын чыгара баштайт

Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштайт. Бул тууралуу Ак ордонун басма сөз кызматы президент Касым-Жомарт Токаев менен премьер-министр Аскар Маминдин жолугушуусунан кийин жарыялады.

Ага ылайык, алгач ушул айда эки миллион доза вакцина даярдалат.

Токаевдин басма сөз кызматы өлкөдө келерки жылдын башынан тартып жапырт эмдөө башталарын билдирди. Вакцинаны биринчи кезекте калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алат.

Өткөн айда Токаев орус вакцинасын өндүрүш үчүн атайын завод куруларын билдирген. Анын алдында эки өлкө вакцина алуу тууралуу макулдашкан.

Буга чейин Нур-Султан март айынан баштап өз вакцинасын чыгарарын маалымдаган. Анда Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод куруу башталганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада 22 медицна кызматкерлеринен ковид илдетти аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

 Ош шаары – 6;

Баткен облусунда – 4;

 Ош облусунда – 8;

Жалал-Абад облусунда – 4;

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3415 катталса, алардын ичинен 3085 медкызматкер айыгып чыкты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 22-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +19…+24

Талас облусунда +18…+23

Баткен облусунда +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустарында +23…+28

Ысык-Көл облусунда +15…+20

Нарын облусунда +14…+19

Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Абанын температурасы +22…+24 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +15…+17 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 дарыгер вирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 1
• Ош ш. – 4
• Ош облусунда – 9
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 5.

Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 49 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2790 учур катталды, алардын ичинен 1766 медкызматкер айыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада 22 дарыгер вирус жуктуруп алды

27-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Чүй облусунда – 3
• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 7
• Баткен облусунда – 4
• Нарын облусунда – 1

Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Э.Асрандиев: «Дүйнөлүк банктын 2,2 миллион доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду»

Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган 627 миллион доллар финансы каражатынан 51 пайызы же 321 миллион доллар келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт  үйүндөгү брифингде билдирди.

«Алардын ичинен 166 миллион доллар өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 миллион доллар – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө», — деп билдирди вице-премьер-министр.

Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

171 миллион доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80 пайызы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын 2,2 миллион доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө. 3 миллион доллардан сатып алууга жумшалган.

1,3 миллион доллар өзгөчө абал режими учурунда гуманитардык жардам көрсөтүүгө сарпталган.

«Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам тууралуу кеңири маалыматты өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат жума сайын жаңыланып турат», — деп белгиледи Асрандиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Быйыл Бишкектин 22 конушу газ менен жылытылат

Быйыл Бишкектин 22 конушу газ менен жылытылат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында  Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров  билдирди.

Анын айтымында, 47 конуштун ичинен 22 конуш газга туташтырылган.

«Былтыр 168 миң тонна көмүр алынган, быйыл 128 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда. Кыш мезгилинде көмүрдүн көлөмүн кыскартуу Бишкек шаарындагы чаңды азайтууга чоң түрткү берет» , — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

22-июнга күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 22-июнда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +32…+37

Талас облусунда +30…+35

Баткен облусунда +33…+38

Ош жана Жалал-Абад облустарында +33…+38

Ысык-Көл облусунда +24…+29

Нарын облусунда +23…+28

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз +34…+36 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде 22 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 12
• Чүй облусунда – 3
• Ош ш. – 5
• Ош облусунда – 2
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди, алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти. Бул тууралуу ресбуликалык штабдан билдиришти.

Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу ж. б. максатында Индияда болушкан.

Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча дагы улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

АКШда 22 миллион адам ачкачылык менен күрөшүүдө

Рекорддук өлчөмдөгү жумушсуздук АКШга ачарчылык алып келди. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам 22 миллиондон ашык америкалыктар ачарчылык менен күрөшүүгө аргасыз болушууда.

«Тамак-аш азыктарын чогултуу жана аны муктаж үй-бүлөлөргө таратуу менен алектенген белгилүү Feeding America («Американы тоюндурабыз») аттуу кайрымдуулук фонду жардам сурап кайрылгандардын саны күн санап өсүп жаткандыгын белгилеген» — деп билдирди Business Insiderдүйнөлүк жаңылыктар порталы.

Аталган уюмдун Сан-Антонио шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Эрик Купердин айтуусу боюнча анчалык чоң эмес өлчөмдөгү азык-түлүк үчүн турушкан узун автоунаалардын кезеги   коронавирус америкалык жарандардын турмуш-тиричилик абалына кыйратуучу таасир этип жаткандыгынан кабар берет.

Белгилей кетсек, Карантин эрежелери жана чектөөчү чаралары  жумушсуздуктун болуп көрбөгөндөй өсүүсүнө алып келген. Мисалы, Лос-Анджелес тургундарынын 50 пайызы кирешесиз калса, миңдеген жарандар азык-түлүк банктарында кезекте турушат. Ал эми коронавирустук инфекциянын эпицентри болгон Нью-Йорктогу кайрымдуулук уюмдары ачка калгандарды камсыздап жетише албай келишет.

Feeding America кайрымдуулук фондунун билдирүүсү боюнча эгерде вирус бүтүндөй өлкөгө жайыла турган болсо 17 миллиондон ашык адам ачарчылыкка кириптер болуусу ыктымал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда дагы 22 жаран вирус жуктурду. Жалпы саны 590

Кыргызстанда дагы 22 адам коронавирус жуктурган учур катталды. Жалпы саны 590го жетти.

Эскерте кетсек, 20-апрелде: 

COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 14 учуру катталган  

Жалпы жуктурган — 568 адам

 Медицина кызматкерлери — 140 (дагы алтоо кошулган )

Ооруканада – 360 киши жатса, анын ичинен реанимация – 8и бар.

 Өлгөндөр – 7 (кечээ дагы 2 кошулган).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button