Коом

Ысык-Көлдө 500дөй үй-бүлө сыналгылуу болду

Ысык-Көл облусунун аймагындагы 496 үй-бүлөгө сыналгы берилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен телевизорго муктаж үй-бүлөлөрдүн маселеси чечилди.

Биринчи кезекте мектеп, бала бакчалардагы телевизорлор муктаж үй-бүлөлөргө пайдаланууга берилди. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча телевизорлорун убактылуу, айрымдары биротоло пайдаланууга тапшырышты. Ошондой эле айрымдардын бузук телевизорлору оңдолуп берилди.

Мындан сырткары Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү муктаж окуучуларга 15 телефон белекке берди. “Сен жалгыз эмессиң” демилгеси аркылуу 9 телефон жана 1 планшет элден чогултулуп, муктаж окуучуларга жеткирилип берүүгө даярдалууда. Учурда телефону жокторго жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан бери шаар, район, айылдарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button