Коом

Вице-премьер министр Исмаилова жумуш убактысында сулуулук салондо жүрөбү? Видео

Жакында вице-премьер-министр болуп дайындалган Аида Исмаиловага түспөлдөш айымдын Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде жүргөнү тууралуу видеону шаар тургуну Vesti.kg сайтына жөнөткөн.

Видеодо «Премьер-министрдин орун басары карантин режимин бузуп жатат. Ал сулуулук салонуна кирип баратат» деп айтылган.  

Жарыяланган видеодо Аида Исмаиловага окшош костюмдагы кара чачтуу аял «Сулуулук салону» деген жазуусунун астына кирип, эшиктин артында жашынып жүргөнү байкалат. Маалыматка ылайык, тасма бүгүн саат 10:30 чамасында Токтогул жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

https://youtu.be/afIyCkZOBf4

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button