Коом

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды улуу Орозо айынын башталышы менен менен чын дилимден куттуктайм!

Быйылкы орозо айыбыз дүйнөдө болуп жаткан оор кырдаалга, анын ичинде Кыргызстандагы өзгөчө абалга байланыштуу жылдагыдан башкача шарттар менен өтөрү белгилүү. Бул оор күндөрдү баарыбыз сабырдуулук, ынтымак, биримдик менен жеңүүгө милдеттүүбүз. Акылман кыргыз эли бул ооруну «сыноо» катары кабыл алып, бири-бирине мээримин салып, жардамын берип, колун сунуп, адамдык бийик сапаттын үлгүсүн көрсөтүп жатат.

Улуу Орозо  айыбыз элибизге жай турмушка кайтууну, ооругандар айыгып, арабызга кошулууну насип кылсын!

Орозоңуздар кабыл болсун! Жасаган соопчулук иштериңиздерди, бардык дубаларыңыздарды жаратканыбыз кабыл кылсын!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button