Россия өкмөтү РФтин жогорку окуу жайларында билим ала турган кыргызстандыктар үчүн дагы кошумча квота карады. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) билдирди.
Буга чейин алдыдагы окуу жылында 700 орун бөлүнгөнү кабарланган, андан кийин квотаны 1000ге жеткирүү боюнча сөз болгон.
«Россия өкмөтү өзүнүн ЖОЖдоруна бекер окуганга дагы кошумча квота карады. Баш-аягы аталган мамлекет 1000 кыргызстандыкка окуу үчүн орун берип жатат. Көбү бөлүштүрүлүп кетти. Июндун аягында кошумча дагы каралды. 2023-жылдын сентябрында окуп башташат. Кеп магистратура, аспирантура жана квалификацияны жогорулатуу туурасында жүрүп жатат. Кабыл алуу медициналык тармактан башкасынын баарына жүрүүдө», — деп айтылган маалыматта.
Кошумча квота берүүгө кыргызстандыктар тарабынан россиялык ЖОЖдорго окууга суроо-талаптын арбышы себеп болгон.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев мындай көрүнүш биринчи ирет болуп жатканын белгиледи. Бул жазында тапшырбай калган, бакалавр же адистик даражасын алгандан кийинки этапта сапаттуу жогорку билим алууну каалагандар үчүн жаңы, жакшы мүмкүнчүлүк. Кеп мектептин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө эмес, биринчи жогорку билимин алып, окуусун андан ары улантууну пландагандар туурасында жүрүп жатат.
«Россия өзүнүн эң мыкты университеттеринде популярдуу болгон бардык багыттар — орус жана чет тилдер, IT, инженерия, энергетика, экономика, укук, чыгармачылык багыттары боюнча магистрдик программалардын кеңири спектрин сунуштайт. Аспирантура илимий карьера жасаганга шарт түзүп берет. Жаш курак боюнча чектөө жок. Иштеп, бирок квалификацияны жогорулаткысы келгендер кошумча кесиптик билимди эки аптадан бир жылга чейин алса болот», — деген Зульхарнеев.
Квота менен өткөндөр бекер окушат жана жатаканада жайгашып, магистранттар менен аспиранттарга стипендия берилет. Окуйм дегендер арызын 15-июлга чейин электрондук түрдө берет. Документтерди тапшыруу онлайн жүрөт.
Окуй турган талапкерлерди алуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө гана, эч кандай далдалчы уюмсуз жүрөт. Россиялык жогорку окуу жайларга өтүүнү каалагандарга 4 жана 12-июлда «Русский дом» уюмунун (Эркиндик, 2/1 гүлбагында) оффлайн тартибинде консультациялар берилет.
Каалагандар алдын ала
шилтемеси менен кирип, катталышы керек.
Кандайдыр бир суроолор жаралса, +996 (312) 30-05-43, +996 (770) 22-45-95 телефондоруна чалып же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук дарекке жазса болот.