Коом

Бишкек: жашоочулар тротуарлар туура эмес оңдолууда деп мэрге кайрылды

Бишкек шаарындагы Ден-Сяопин 71-102 көчөсүнүн тургундары жол четиндеги тротуарларды оңдоо иштеринде курулуш нормалары сакталбай жаткандыгын айтып чыгышты.

Алардын келтирген жүйөсүндө Бишкек шаардык мэриясынын архитектурасы жана архитекторлору тротуарларды оңдоо иштеринин долбоорун чийүүдө бир топ калпыстык кетирген. Айтымдарында жол четиндеги бордюрлар мурдагысынан 40 сантиметрге бийик болгондуктан жарандар үйлөрүбүзгө автоунаа менен кире албай же чыга албай калдык дешүүдө.

Мындан сырткары, автоунаа токтотуучу аянтчаны дагы бузуп салышканын айтышууда. Азырынча шаар бийлигинни тиешелүү кызматтары бул боюнча пикирин билдире элек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button