Кылмыш-кырсык

26-апрелге караган түнү 61 жаран эреже бузуп кармалып, 34 автоунаа атайын жайларга токтотулду

Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 61 жаран жеткирилип, 34 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 47,

Ош шаары боюнча – 4,

Сузак району – 6,

Ат-Башы району – 4.

Ал эми Нарын шаары, Жалал-Абад шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3502 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button