Коом

“Мындан ары чыдай албайбыз” Таксисттер карантинге карабай жумушка чыгышты

Бишкектеги таксисттер өзгөчө абал режимине карабай жумушка чыгышты.

Алар мындан ары чыдай албайбыз деп Kaktus.media редакциясына билдирди. Тизилип турган таксилерди оорукана, дүкөндөрдүн, чакан базарлардын жанынан кезиктирүүгө болот.

Таксисттердин айтымында, карантинге чейин жүргүнчүлөрдү ташуудан тышкары, башка иш-аракеттер менен алектенишкен. Бирок азыр алардын баары жабылып, аларга маянанын бир бөлүгү гана төлөнүп берилген. Жеке унаа менен гана алектенип, бир күндүк кирешеси барларга мындан да оор болуп калышты.

Айдоочулар азык-түлүк пакетин алуу үчүн арыздарды бир нече мамлекеттик, жеке уюмдарга жөнөтүшкөн, бирок бир айдын ичинде аларга эч нерсе алып келишкен эмес. Такси айдоочулар гуманитардык жардам алуучулардын тизмесинде акыркы болуп саналарын билдиришти.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими жарыяланганына бир айдан ашты. Өткөн аптада Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев карантин убактысы бүтсө эң оболу күнүмдүк киреше тапкан жарандарга иштөөгө уруксат берилерин айткан. Комендант санаган тизмеде такси кызматы да бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button