Коом

Түркмөн президенти элди чогултуп ифтар өткөрдү

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ыйык Рамазан айынын биринчи күнүн жаңы мечиттин ачылышы жана бул ыйык жерде ифтар өткөрүү менен баштады. 

Бердымухамедов ифтарга чейин чогулган адамдардын алдында сөз сүйлөп, ооз ачардан киийн мечитти кыдырып, ар кайсы жерлерин көрүп чыкты. Андан соң ал мечит имамынын мечиттин уникалдуу өзгөчөлүктөрү туурасында айтып берген түшүндүрмөлөрүн тыңдады.

Мечиттин имамы өз сөзүндө, мечиттин ичине жана сыртына чегилип жазылган кээ бир аяттардын жана сүйлөрмдөрдүн маанисин түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, учурда Түрмөнстанда коронавирус катталган бир дагы учур аныктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button