Коом

Карантинде иштеген кайсы мамкызматкерлер кошумча каражат алышат?

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өз убагында компенсация төлөп берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы каражаттарын бөлүүнү Жогорку Кеңеш өкмөткө тапшырган.

Кошумча каражат алчу кызматтардын катарында төмөнкү маморгандар бар:

— Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы;

— Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

— Мамлекеттик чек ара кызматы;

— Ички иштер министрлиги; — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы;

— Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

— Мамлекеттик бажы кызматы

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 15-апрелде өткөн жыйында калкты азык-түлүк менен жетиштүү камсыздоо, аймактардагы жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүксүз улантуу, оор кырдаалда иштеп жаткан саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине керектүү эмгек шарттарын түзүү менен коопсуздугун коргоо жаатындагы маселелерди көтөрүп, парламенттин токтому кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө булардын ичинен медицина кызматкерлерине кенемте жарым-жартылай төлөнүп берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button